сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
248   12
20.03.2020
"Апаатка такаат" социалдык долбоору «Ата- журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир ишкер чагылганга!» Урматтуу ишкерлер! 📣JIA Бизнес-ассоциациясы жана “Элим, Барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду "Апаатка такаат!" аталышындагы коронавируска каршы социалдык долбоорду жарыялайт. Дүйнөдөгү Саламаттык сактоо тармагынын тажрыйбасы коронавирус илдетинин көбүнчө жашы 60тан өтүп калган кары адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуу экендигин көрсөттү. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин берген тизмесине таянсак, Кыргызстанда 4500 жакын багар-көрөрү жок кары адамдардын бар экени белгилүү. “Апаатка такаат!” долбоору ишкерлердин колдоосу менен өлкөбүздүн жарандарына COVID-19 коронавирусунун жайылышына бөгөт кылуу максатында жашы улгайган адамдарга жардам берүү максатын көздөйт😷 . Аларга коронавируска каршы антисептикалык тазалоочу каражаттар жана эң негизги деп саналган азык-түлүктөр таратылат 👥 Сиздин кайрымдуулугуңуз ар бир муктаж үй-бүлөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн абдан маанилүү! _ 📲 Андыктан, колуңуздан келген жардамды төмөндөгү “Элим, барсыңбы?!” ККФнун эсебине которсоңуз болот ЭЛСОМ: 0770 00 40 44 Баланс:0770 00 40 44 МБанк: 0770 00 40 44 #элимбарсыңбы #жиа #кыргызстан #апаатка_такаат #кол_суналы @jia.bishkek @jia.issykkul @jia.osh @jia.jalalabad @jia.batken @elimbarsynby_talas @elimbarsynby_jalalabad @elimbarsynby_osh @jia.talas
Загрузка...
1089   137
20.03.2020
Биздин медицина кызматкерлерибиз коронавирус оорусуна каршы күрөшүүгө даяр! Урматтуу кыргыз калкым, баарыңыздарды тартипти, тазалыкты жана карантиндин талаптарын туура сактоого чакырамын! Паникага алдырбаңыздар! Жалган фейктерге ишенбеңиздер! Италияда үч ай бул ооруну тоготпой, кенебей, өлкө жетекчилеринин айткандарын угушпай, өздөрү каалагандай жүрө беришип, бүгүнкү күндө бул оорунун азабын тартып, миңдеген адамдар каза болуп, он миңден ашык адамдар жуктуруп, айласын таппай сыздап олтурушат... Италиялыктардын кейпин кийип калбаш үчүн бала-чакаңар менен үйдөн чыкпай, карантиндин тартиптерин так, согуштук тартип менен аткарып, сабыр-таакат кармап, бул апаат дартты чогуу, биргеликте жеңүүгө чакырамын!!!??? Кудай буюрса, ынтыкмакчылыкта биримдикте жана сабырдуулук менен бул илдетти да жеңип чыгабыз!👩‍⚕️👨‍⚕️🙏🙏