сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1211   98
18.03.2020
АБАЛДАН ЧЫГУУНУН ЖОЛУ АЗЫК ЭМЕС! _____________________________________________________________ Кечээ сарказм менен “азык көп болсо, аппетит жок болуп калат” экен деп жаздым эле🤔😏😏😏 Бир жылдары улам базарга бара бербейин деп, анда супер маркеттер жок кез, бир мүшөк ун сатып алгам. Үй бүлөм чакан болгондуктан көп колдоно албадым. Бир күнү карасам курттап кетиптир. Өзүмө капа болдум, улам ундан кечирим сурадым🙏🙏🙏. Бир чети жаш келиндин кылганы, бир чети ун курттайт дегенди укпаганым болуп калды. Ошондон кийин үй бүлөмдүн ал-абалына карап азык алам. Бул жолу да азык жыйнаганым жок. Абалымды билем. Үй бүлөм чакан. Болгону азык жыйып алгандарды “чымчымай” кылдым. _____________________________________________________________ Азыр эмне көп, тамак-аш көп, каалаганыбызды тандап жейбиз, “тамагыңар начар” деп кыр көрсөтүп да кетебиз🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️🤦‍♀️ Ачкачылыкты көргөн чоң апамдын күкүм чогултмай, катып калган нанды ысык сүткө чылап ичмей, дегеле нанга аяр мамилесин көрүп өстүм. Эмне дегим келди? “Ун курттайт, эскирет, ысык күндөр алдыда, карап коюп тургула” деп жаш келиндерге коңгуроо каккым келди. Ошо! 🙋‍♀️
559   38
18.03.2020
КОРОНАВИРУС!!!! ______________________________________________________________ Кечээ Франциянын президенти Макрон «биз согушуп жатабыз, бизде согуш, бул жолу биз оору менен согушуп жатабыз» деп элине кайрылуу жолдоду… Францияда эле эмес, дүйнөдө согуш!!! Бул жолу аалам эли оору менен күрөшүп жатат. Бул “душманды” адам эч кандай оор, керек болсо атомдук куралдары, күчтүү экономикасы, улуу макамы менен жеңе албай турганы далилденди. _____________________________________________________________ Улуу жаратканыбыз “Эй, адам, алааматты жиберсем алың канчалык?” деп сынап жаткандай... 😏😏😏_____________________________________________________________ Бүгүн Венециядан бирөө “бизге эл каттабай, көчөгө эл чыкпай калганы суу астында дельфиндер, суу үстүндө ак куулар пайда болду. Алар күндөн-күнгө көбөйүп жатат” деп жазды... 🐬🐳🐟🦆🦅🐥 Кытай жеринен дагы бир жаран “Көчөдө эч ким жок. Терезеден аянычтуу көрүнөт, бирок абанын таптаза болуп калганы жан жыргатат” деп жазды... 🦋🦚🌿☘️🌳 Мектепте окуп жүргөн кезим эске түшөт. Географиядан берген Акмат агай: “Балдар, дүйнө калкы 7 миллиарддан ашса, адам баласы өзүнөн өзү кырыла баштайт. Керек болсо адам санын азайтуунун жолу изделип, адамды адам кыра баштайт. Ал куралдардын согушу эмес” деген. Бул суроо мени ойго салган, ошондон улам кулагыма жаңырып турат...🤔😏 Дүйнө эли эбак 7 миллиарддан ашты. Адамды, адамга кошуп анын оор техникаларын, оор үй-жайларын, оор мүнөзүн көтөрүп турган Жер-энеге таазим! 🙏🙏🙏🤲🤲🤲 Бул күндөр “Жериңди сактап кал!” деген жараткандын белгиси болуп жүрбөсүн...??????? Канчалык билимдүү, бийликтүү, билектүү, бай болбойлу., адамдын бир корккону бар... Таңдагы таң ойлордон...