сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
34695   1654
17.03.2020 Nasaat.kg
Аллахым, менин өлкөмдү жана анын жашоочуларын, карыяларын жана жаштарын, эркектерин жана аялдарын, жигиттерин жана кыздарын, жер, суу, асман-абасын Өзүңө тапшырдым. Аллахым, баарыбызды ооруу-сыркоодон сакта, балээ-кырсыктан, жайылып жаткан жаман илдеттен оолак кыл! Сенин күчүңө жана кубатына таянабыз, Сенден башка куч да, кубат да жок. Аллахым, Сенин ыраазылыгыңды бизден тосуп турган күнөөлөрүбүздү кечир. Аллахым, өзумдү, үй бүлөмдү, балдарымды, жакындарымды баарын Сага тапшырдым. Сенден келгенбиз жана Сага гана кайтабыз. Аллахым, сен эң жакшы сактоочу, ырайымдуулардын ырайымдуусусуң. Амин!🤲🏻🤲🏻 @nasaat.kg #www_nasaat_kg #wwwnasaatkg #устаз_абдишүкүр_ажы_нарматов #устазабдишукурнарматов #шейх_абдишукур_ажы_нарматов #дуа #атаэне #аяты #хадисы #аллах #пророкмухаммадﷺ #ислам #коран #ислам #кыргызстан #бишкек #чуй #баткен #ысыккол #ош #нарын #талас #жалалабад #kyrgyzstan #жанылыктар #wwwnasaatkg #nasaatkg @nasaat.kg
Загрузка...
3860   87
17.03.2020
Ассаляму алейкум урматуу кыргыз элим. 🤗🤗🥰🥰 Учурдагы өлкөдө болуп жаткан кырдаалга жараша, 😷🤕 баардык билим берүү жайларында 3 жумага окуу токтотулду. 📚📚📝 Бирок китеп окуу токтотулган жок😁😁🤗🤗😍😍 ошондуктан айылга өзүңүз менен кошо *китеп* ала кетиңиз.📚👍🏻✨ Базарларда ун калбады дейт.😲😱😱 Бирок китепканаларда китептер толтура экен.😁😁😄😄 Кыргыз элим боло элек нерсени болтуруп, келе элек ооруну келтирип албайлы.🙂🙂 Азыркы учурда вирустун өзү келбей эле сөзү аябай таркап кетти.😱😱🥵 Бир денеде 2 вирус жашабайт! Биз "китеп окуу" вирусу менен ооруп баштайлы. 📚😊📚 Сактаганды Кудай сактайт, ар бирибиз өзүбүзгө сак бололу! Колдорубузду самын менен, акылыбызды китеп менен таза жууп туралы.😊😊☺☺✨✨💫👍🏻 @Kench.books👇Instagram баракчабыз https://www.instagram.com/kench.books?r=nametag WhatsApp тайпабыз👇 https://chat.whatsapp.com/DYNMbl4bFQSGyRwzq1rxLO
874   64
17.03.2020
💐Билесиңби, сен жөнүндө ойлонгонумда, бул дүйнө мага бир тыйынга да арзыбай калат. Сен бул өмүрдө да, тиги дүйнөдө дагы бактылуу болсоң болду дейм. ⠀ 💐Бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Сен жөнүндө бүк түшүп кыйналганымды, көз жашымды агызганымды. Жараткандын эшигин такылдатып өзүмө эмес, сага бер деп жалбарганымды. ⠀ 💐Эч кимге көрсөтпөй сүрөтүңдү алып, улам өзгөрүп баратканыңды көрүп, колумдан эч нерсе келбесин билсем да санааларга батканымды. ⠀ 💐Бир жолу кышкы суукта сыртка чыксам, артымдан бир жылуулук келип жатты. Күндүн нуру го деп этибарга албай, бурула калсам сен турупсуң жылмайып. Көрсө сенин жылмайып турган мээримиңдин алдында Күндүн жылуулугун кеп кылып кереги жок тура. ⠀ 💐Менин мүнөзүм ушундай экен. Баарын ичиме сактап, сыртыман сүйүүмдү ачык билдире албай жүрө берем. Бирок менин сүйүүм чексиз экенин билесиң. Кучактап жыттаганымда бир керемет ааламга түшүп калгандаймын. ⠀ 💐Турмуш биз ойлогондой болбойт тура. Эл айткандай көр оокат деп жүрүп көп учурда алыстап кетем. Дайыма жаныма ээрчитип жүрө албайт экемин. Бирок жүрөгүмдүн төрүндө жүрөгүңдү бөпөлөп алып жүрөм. ⠀ 💐Жатып алып кыялданам десең. Бейиште чогуу жүргөнүбүздү. Жапжашсың, супсулуусуң. Дагы эле эркелеп сүйүнүп алгам. Кайра жаздыкта ойлорго чөмүлүп жатканымды билгенде, күбүрөнөм: Кудайым кыялдарымды дуба катары кабыл кыла көр деп. ⠀ 💐Узун өмүр каалайм, ден-соолук тилейм. Бирок бул айткандарым жетишсиздей эле сезилет. Сүйүүм балга айланса татып көрүп билер элең. Махабатым гүлдөй кулпунса жыттап алып сүйүнөт болчусуң. Бирок менин арзуумдан дагы, сенин мага деген ашыктыгың чеги жок жогору турарын билем. ⠀ 💐Мендей акылсызды кечир. Бир чындык бар. Баардык мен тапкан кубанычтар, бактылуулуктар сенин сүйүүң аркылуу келди. Сенин мага айткан бир сөзүң эле, менин деңиздерди жарып өтүп, тоолорду ашып баарын багынтканга жетет. Анткени ал сөздү сенден башка эч ким эч качан айтпайт. Кашымда аман жүр жаным апакем... ⠀ Жеңишбек Жумакадыр