1799 27
16.03.2020
Урматтуу ата-энелер!
Окуучуларды вирустан улам үйдө отурсун - деп билим берүү мекемелерин жапты. Бирок сыртта (двор) короо толо бир класстын балдары аралаш ойноп жүрүшөт. Мектепке чогулбасын деп, кайра дворго чогулгандын кандай айырмасы бар... Бирөөсү топ менен, бирөөсү жерге коюп кагазын уруп, бирөөсү бекинип, бирөөсү жерге отуруп телефонун чукулап, кирип-чыгып жаткан машыналардын чаң түтүнү аралаш короо... Кайдыгерликтин кесепетинен балакет келбесин, Кудай сактасын.
Балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйдө сабак кылып, үйдө отурууга үйрөтөлү...тазалык, өздүк гигиена жөнүндө талаптарды күчөтөлү...
Эртеден кечке телефон - телевизор менен аң сезимин уулабай, китептерди белгилеп бериңиз, айтылган убакытта окуп бүтүрсүн... 16.03.20
Паника эмес, жөн гана сураныч.
Идрис акын бир тууганыңыздар