2418 184
21.03.2020
КЛДП: Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, шайлоолорду жылдыруу зарыл!
Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар саны күн санап көбөйүп жатканы бүткүл элибиздин тынчын алууда. Биз мындай кооптуу шартта жарандарыбызды республикалык штабдын, расмий органдардын айтканын дыкаттык менен угуп, эрежелерди бекем сактоого чакырабыз.
Ошондой эле өлкө жетекчилиги тез арада Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, жакында өтчү жергиликтүү кеңештин шайлоолорунун мөөнөтүн чукул арада жылдырууну сунуштайт.
Элибиздин ден-соолугу, жарандарыбыздын өмүрүнөн кымбат нерсе жок! Элдин саламаттыгы саясат, шайлоолордон жогору турат. Учурда массалык адам чогулчу бардык иш-чаралардан баш тартып, саламаттыкты сактоо тармагындагы оор жүктү азайтпасак, олуттуу кесепеттерге алып келчүдөй абалга келдик.
Коронавирус каптаган бардык өлкөлөрдө өзүн-өзү коргоо, башкача айтканда үйдөн чыкпай отуруу талабын аткаруу – илдетти жеңүүдөгү натыйжалуу ыкма болуп жатат. Азыр ар бир мүнөт маанилүү, КЛДП тез арада өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, шайлоолорду белгисиз мөөнөткө жылдырууну сунуштайт.
@seitekkhaan @eldarbishkek @kldp2020