2399 191
20.12.2019
Алып баруучулугуңбу же кинобу? Эң көп берилген суроо. Кофеге сүттү аралаштырып туруп, эми сүттөн кофени ажырат деген сыңары жан жүйнөмө чырмалып өсүп калганды кантип үзүп аласың? Эки дүйнө эки башка дүйнө эмес. Бир дүйнөдөн келген дүйнө. Оң көзүңбү, же сол көзүңбү? Улуу балаңбы же кичүү балаңбы? Атаңбы, же апаңбы? Кайсынысын тандайсың деген суроонун жообу жок сыңары менин да жообум жок. Ар бир өнөрүмдүн өз күйөрманы бар. Жада калса акыркы жылдары кошулган анча - мынча жазмакерлигимдин да күйөрманы көбөйдү. Ар бир өнөрдүн өтөсүнө чыгуу мүмкүн десем, айрымдары бир дарактын түбүн көгөрт дешет. Үчөө бири бирине өбөк. Кантип айрыйм? Сиз менин кайсы өнөрүмдү жактырасыз?