сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
2237   193   44691
25.04.2020
Өткөн жумада он чакты депутат каршы болгонуна карабай буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам 3 окууда кабыл алынды. Бирок президент муну азыр артка кайтарганы туура болот. Анткени, азыр Кыргызстан бүт Эл аралык финансы институттарынан каражат сурап жүрөбүз, а өзүбүздүн өндүрүшчүлөр төлөчү анча-мынча салыктардан баш тартуу туура эмес. Дал ушул тапта бул мыйзам керек, бир жарым жылга иштесин, абалдан чыгып алганча. Бирок демилгечилер ун магнаттарын колдоп, НДСти 2025-жылга чейин бошотуп салбадыбы. Бул биздин эле ун чыгаргандардын эмес, Казакстандык ун өндүргөндөрдүн кызыкчылыгы болушу да толук мүмкүн! НДСтен бошотолу, азыр ун өндүргөндөр бутуна турсун, бирок эмне үчүн алты ай, бир жыл эмес, 5 жыл? Атамбаев президент кезинде бул мыйзам казынага 1 млрд сом түшүрбөйт деп айткан, депутат Кенжебек Бокоев 680 миллион сом зыян келет деп жүрөт. Бери дегенде заманбап 12 жаңы мектептин акчасы. Ушуну ЖК колдоп берди. Демилгечилер болсо НДСти албасак контрабандисттер гана утуп жатат дейт, НДСти албай туруп контрабандисттерди тыюу керек эле четинен. Ун ташыган 15 контрабандистти өкмөт жакшы билет. Бул жолу ун чыгаргандар көп келип, мындай мыйзамдар колдоо тапсын, эмкиде кенчилер келсе, анан буларды көрүп казиночулар келсе, аягы эмне болот лоббинин? Бюжет татыш деп коюп, биягынан кайра жайлап аткан учур иши кылып.
2237  
07.11.2019 Таш-Комур
Кыз узатуу бүгүн менин жакшылыгым, Кубанчымды тең бөлүшөм курбуларым. Өйдө ылдый бул турмуштун барагында, Жазылыптыр кыз узатуу тойум мына. Жылуу сөздөр калоо тилек кабыл болсун, Бул жакшылык ар бир кызга насип болсун. Ата энемдин ыразычылыгы менен алган, Кыз узатуу тойум менин насип кылган. Жакшылыктын жарчысы бар жан дүйнөмдө, Жакшы күндөр насип болсун бул өмүрдө. Баскан жолум гүлгө оролсун ар убакта, Турмуш жолум кең болсун жакшылыкта, Кыз узатуу тойум менин бүгүн мына. Ушул күнү турмуш жолун насип кылган, Жаратканга шүгүр кылам ар убакта. Жүрөктө жакшы тилек ойлор менен, Турмушка аттанып бүгүн жатам. Кубанычты күндүн бири ушул күнү, Түгөйүмө жар боломун түбөлүктү. Жаратканым берсин бизге чексиз сүйүү, Турмуш жолун тандадым ушул күнү. Ак каардай аруу таза махабатым, Дүйнөнүн бир бакытын тандап алдым. Бакыт каалап жакшы тилек арнагыла, Мен турмушка чыгып жатам буйурса мына.....
Загрузка...
2234   45
21.12.2019 Osh, Kyrgyzstan
"Ак Босого" – Премиум -класстагы заманбап комплекс. Ал инфраструктурасы эң мыкты өнүккөн райондо, Ош шаарынын түндук чыгыш тарабында жайгашкан. Турак жай комплекстин жайгашкан жери Ош району Салиева кочосу. Турак жайдын айланасында мектеп, бала бакча, облустук балдар ооруканасы ж б. объектилер эл жашаган жерге жакын жайгашкандыгы ал райондо жашагандар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту жаратат. "Ак Босого" турак жай комплекси коопсуздуктун бардык талаптары жана нормаларын сактоо менен курулууда.Темир-бетон каркасы, монолит кирпич менен тургузулгандыгы, заманбап жылуулукту сактаган материалдар ошондой эле сырткы фасады Сары таш менен,,Амир строй курулуш компаниясы эң сапаттуу гана материалдарды пайдаланат,Турак жай 2020 жылдын 3 кварталында жашоого берилет. Амир строй менен жаркын жашоодо жашаныз. Байланыш учун телефон: 0999080800 0222080800 @amir_stroy @amir_stroy @amir_stroy