2029 54
21.12.2019
Туз айылынын активисттери 30 жыл жабык турган маданият үйү ремонттолуп, жаңыдан ачылышына чакырышты. Бийликтегилер кызыл ленталарды кесээрден мурда аземдерди тандашсын деген комментарийлерди интернеттен окуп, маданият тармагына көңүл бурулганы жакшы го деген ой менен барып калдым. Жергиликтүү тургундардын арасында белгилүү ырчылардан кем калбаган таланттардын концертине кол чаап, иш чаранын башында тургандарына айыл башчылыктан ыраазычылык билдирилди. Жакшыны өз убагы менен белгилеп, жаштары аксакалдарын сыйлап, улуулары кичүүлөрүнөн жылуу сөздөрдү аябаган күндүн жакшы мисалы болду.
Ошол жерден элдин атынан айтылган эки чоң көйгөлөрдүн аткаруусун көзөмөлгө алдым. Бири Сокулук районунундагы Туз айылынын маңдайындагы жердин маселеси болсо, экинчиси Бишкек баатыр атабыздын шаардагы эстелиги тууралуу. Айылдык туугандарга келе жаткан жаңы жылга жакшы тилектерди айтып, мындан ары да маселелерди биргелешип чечилүүсү улансын деп каалап кеттим.
P.S. Парламенттен бир топ суроолорду көтөрүп, аркасында ар кандай кызыкчылыктарды тосуп да каламын. Анан ызы-чуулар башталат. Бирок, ушундай эл менен жолугушуп калган кездерде, маанай ачык, жүрөк тынч, күлүп-жайнаганымда ал санаалардын баары унутулат экен. Ортодо эл тараза болот дегени чын, ой- пикирлерди угуп, кадимкидей күч-кубаттанып кайрылып келемин. #Барболгула