1892 9
30.10.2019
Ооба, бул кадыресе эле буюмдар. Бирок, БИР ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ бар - көзү такыр көрбөгөн азиздер жасаган... Көзү көрбөй туруп коомго, элге, журтка оордугун салбай, өз арбайын согуп, кызматын кылып, эмгегинин түшүмүн тартуулаган азаматтарды көрүп, алты саны амандар шык, дем алаттырбыз.
Казань шаарында көзү көрбөгөндөр үчүн ушундай борбор бар экен. Ар кимге оордугун салбай өз алдынча өмүр кечирип,тиричилик өткөрүүгө үйрөтүшөт экен. Мага да белек кылышты... Берген эмес алган март деп алууга туура келди. Аттиң, мүмкүнчүлүгүм болсо кол акысы деп көөөөп акча бермекмин. Берешендик дарак, бутагы дүйнөдө, тамыры бейиште, кармасаң бейишке алып барат дешет го...
#казан
#Йэрдем_фонду