1800 172
23.03.2020
Урматтуу өкмөт!
Убагында бир нече депутаттар болуп, мурдакы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин учурунда (мактанып) салынган кыргыз-түрк ооруканасы эмнеге иштебейт? Фучикада жайгашып, бекер турат. Т.Батыралиев болсо, министрликтен кете электе бир нече жеке ооруканаларды ачып, салыктан бошотуп алган. @akipress ээсине тууганчылыгы менен пайдаланып, бекер пиарда. Кайсы каражаттын аркасында салынган оорукана деп эч ким суроо бербейт.
Ал эми азыркы оор кырдалда, элдерди карантинге эмес, коронавирустан дарылоого жаткыра тургандай имарат жетишпей жатса- миллиондоп кеткен каражаттын символу эмнеге бош турат?! Иштесин!
Биздин куураган доктурларыбызды беткапсыз, атайы кийимсиз кыйнадык, жок дегенде ушундай заманбап оорукананы алардан аябасак- элге да жакмак. Азыр кереги тийбесе, качан колдонобуз?
Уважаемое правительство!
Зачем с таким пафосом строили и потом долго хвастался наш экс-министр здравоохранения Батыралиев Т. о новой кыргызско-турецкой больнице, если мы ею до сих пор не пользуемся?! Сейчас, в самый разгар эпидемии коронавируса, когда стране так нехватает помещений, а нашим врачам и присесть негде- почему эта больница под замком?
https://kaktus.media/doc/391173_bolnica_kyrgyzsko_tyreckoy_dryjby._kogda_ee_otkrout_i_kto_smojet_tam_lechitsia.html https://kg.akipress.org/news:1368920