1514 52
21.03.2020
Эки кызынан кабар алганы барган ата😊
Батманын үйүнө барса, кызы сүйүнүп : "жакшы болду келгениңиз. Күйөө балаңыз менен бир гектарга буудай септик. Эми дуа кылсаңыз бир апта жамгыр жаап берсин. Буудайыбыз өнүп калмак" - дейт. Дуа кылып ал жерден экинчи кызынын үйүнө барат. Экинчи кызынын үйүнө барса, ал да сүйүнүп тосуп:"жакшы болду келгениңиз. Күйөө балаңыз менен ылайдан гыш (кирпич) куйдук. Эми дуа кылсаңыз бир апта күн чыгып ысып берсе, үй салып алабыз кургаса"-дейт. Дуа кылып ал жерден үйүнө келет.
Үйгө келсе кемпири "кыздар кандай экен" - деп сураса, абышка: "ЖАМГЫР ЖААСА ЗУУРА, ЖААБАСА БАТМА ЭНЕСИНИН КҮНҮН КӨРӨТ "-дейт имиш😊😊😊