сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
1500   22
30.03.2020
Друзья, давайте объединимся в этот нелёгкий час и сделаем доброе дело! Мы призываем всех принять участие в сборе средств для оказания поддержки нуждающимся (покупка продуктов питания и средств первой необходимости). Для этого вы можете перечислить деньги на указанные ниже реквизиты или передать через наших ребят: @nursultan_mainazarov @ryskulbekov @kubat_kubanychbekov ⠀ Мы несём всю ответственность за перечисленные средства и обещаем выкладывать отчеты о всех поступлениях и их реализации. За помощь в организации благодарим фонд @elimbarsynby_official. ⠀ Перевести деньги можно: 1️⃣ на банковский счёт Фонд: ОБФ «Элим,барсыңбы?!» КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2️⃣ безналичный расчёт: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3️⃣наличные или другие продукты могут приехать и забрать Нурсултан Майназаров, Эркин Рыскулбеков или Кубат Кубанычбеков. ⠀ Поможем вместе! 💫💫💫💫💫💫💫💫 Достор, өлкөдө оор абал болуп турган учурда үйүндө азык-түлүгү жок отурган мекендештерге жардам берели. Каражатты төмөндөгү реквизиттер аркылуу которо аласыздар: 1⃣ «ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ» ККФ банк эсеби. КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2⃣ электрондук капчыктар: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3⃣ акчалай же башка жардамыңарды (азык түлүк, даары-дармек ж.б) Нурсултан Майназаров, Эркин Рыскулбеков же Кубат Кубанычбеков келип алып кетишет. ⠀ Чогулган каражаттардын ачык жана калыс муктаждарга жеткирилишине “ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ” фонду жана уюштуруучу топ толук кепилдик берет. Жардам берели, биригели! #БАРБЫЗ
1499   93
24.05.2020
Арападагы ашкана ойлору 🤔 Демейде, мейман келгенде жетпеген идиш-аяк, мейман кеткенде батпайт! Анан эле конуша келиндер бири-бирибизге чара-чака сурап жөнөчубуз😊😊😊 Кийим-кече, алтын-шуруга жеткен акча идиш-аякка артпай кала берет экен, тобаа...🤦‍♀️)))) Шаардын четинде тургандыктан кошуналар жалаң кыргыздар. Суротто кошуна эже, курбулар. Анан эле көп киши келээрде идиш издемей... Чараны кимге бердим, чаканы ким алды болуп. Кээде эт майдалагыч, самоордун кернейи, казан ж.б да “айылчылап” кетет. Ошентип кошуна келиндер эл катары “касса” ойнойлу деп чечтик😏😏😏Шарты: ай сайын жолугуп, баарлашып, эс алабыз. Ортого чогулган тыйынга чара, чака, ж.б керектүү ашкана тиричиликтерин алабыз дедик. Ким чакырса ошол үйгө бир “короо” идиш барат))) Азыр шугур, сурамай токтоду, идиш-аякка байбыз 👏👏👏. Бирок сурап шылтоо кылып, ушакташып эки саат чай ичмей, балан издеп келгенде кетмей адат азайып калды да😊🤦‍♀️. Келиндер, сиздерде бул маселе кандай?