1446
20.11.2019
АЯГЫНА ЧЕЙИН ТУРГУЛА
(Ата-энелердин эсине)
Балдарыбызга БАЛА БАКЧАНЫ тандадык, МЕКТЕПТИ тандадык, УНИВЕРСИТЕТ - КЕСИБИНЕ чейин аралаштык.
БИРОК
ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУДА, АЯЛ-ЭР тандоодо аралашпай "ӨЗҮ БИЛЕТ"-деп карап отурабыз.
Эң негизги чечүүчү жерде жардамын аяган кайдыгер ата-энелерге капамын.
Бала бакчаны бүттүк,
Мектепти бүттүк,
Лицейди бүттүк,
Колледжди бүттүк,
Университетти бүттүк... Ушунча мекемени аяктасак да, ҮЙ-БҮЛӨ ДЕГЕН ЫЙЫК МЕКЕМЕНИН КАДЫРЫНА ЖЕТПЕЙ ЖАТАБЫЗ... Сапардагы, бизнестеги шеригиңди тандайсың. Ал гана эмес сатып алган мал-коюңду тандайсың. Үй-бүлө курганда эле эки көзүң көрбөй калат.
Сен өзүңө АЯЛ же ЭР тандап жатасың.
Аталарыбыз балдарына АПА тандаган.
Апаларыбыз балдарына АТА тандаган.
20.11.2019 Идрис акын