сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
1068   77
21.12.2019
Кутман тан досторум!!!Жазмакерлигим куткон досторум учун.Мен уй булодо сегиз бир туугандын эн кенжесимин.Чон эже,агайларым мен чонойгончо эле турмуш куруп,болунуп кетишкен.Мен апамдын кырк жашында торогон кызымын.Эжекелерим менен удаа тороп,ото уялыптыр.Торот уйуно деле озу барып,жалаяктарын даярдап,озу эле которуп чыгыптыр.😥.(Бейишин берсин апамдын).Апам жонундо болок озунчо жазам,журогум чыдабай кетти.Баардык кыздар,балдардай мектепке бардым.Жакшы окудум,активдуу кыздардын катарын толуктадым.Бирок журокто кетпес бир так бар.Уйдо эрке чонойдум,таттуунун таттуусу меники,майлуусу да меники...Бирок,мектепке барсам эле,бир лидер кызыбыз бар,болгону,болгон.Эми бала экенмин да,ошол журогум ооруйт,жалгыздык жанга батат.Ортодо создорду айтып келээр кыздар да бар.Анан сайын чунчуйсун.Балалык таза журогум,мектепке бараарда сыгылат,бирок сабакты калтырбай жакшы окуйм.Кошуп калса менден бактылуу бала жок,бирок ал аз эле болоор эле...😔.Кундордун биринде терезе пардоого 20тыйындан чогултабыз деп эжейибиз айтты.Ал убакта мен чогуумун,биргемин.Уйго келип,апамдын паластын астына койгон тыйынын алып,баардык класка толоп койгом.😊.Анан баягыл лидер кызыбыз эжейге айтты. --Каяктан алдын? --Апам берди.(жалган айттым).Ишенимдуу,себеби мен кыздар менен чогуумун.Ал бакыт мен учун,баарынан кымбат.Узакка созулбады суйунучум. Мектептен эжейим уйго кошо келди.😔.Ошондо 10жашта, 4класс.Апама айтты,4 сом уурдап,пардоого толоду деп.Чогуу чай ичишти,кошуна эле турчубуз 4,5уй нары,мен олтурам кунолуу,Мен эмне учун ошол ишти кылганымды алар билбейт да...Ал уурулук экенин деле билбегем,болгону жакшы корунуп,максат,тилегим кыздар менен чогуу болуу...Айыл жеринде акча деле ото керек эмес,баары даяр.Сут,май,жашылча,жемиш огородтон эле чыгат..Апама ыраазымын,эжейим козунчо эч нерсе дебеди,бирок козунон коруп турам,онбой калаарымды.🥺.Кетти эжейим,апама тыйынын кайтарып....Узатып келди да,бери бас деди.Чачым белиме жетчу,коюлугун айт,ар дайым эки чач кылып оруп берчу. ---Мен кандай жанымды эгоолоп журуп,тыйын кылам.Баарынардын устунду,тамагынды ойлоп....озумо бир жоолук албайм деп,бир чымчып алды..Козум жашы кол.Мени уят кылдын,эми баары соз кылышат.,дагы бир чымчыды,.(уландысы бар)
Загрузка...