сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
18521   804
25.05.2020
100 000 СОМ (500 000 тенге) АЗЫР🎉🎉🎉 Күн сайын популярдуу жылдыздардан жана чыгаан блогерлерден 20 000 сом (100 000 тенге) алууга даярсыңарбы???💥💥💥 ЭРТЕҢ саат 22:00до 2 катышуучуга🎉 20 000 СОМ берип кубантабыз!!!💸 ⠀ ЭРЕЖЕЛЕР ЭҢ ОҢОЙ👇: ⠀ 1️⃣ Азыр менин бардык досторума каттал (мен бардыгына катталгам! Таппай кое албайсын🤗) ⠀ 2️⃣ Биздин фотолорду жүрөкчөлөр менен толтуруп чык❤❤❤ Бардык блогерлердин акыркы 7 сүрөттөрүнө жана жаңы поссторуна "лайк" кой! (Бул өтө маанилүү, себеби, биз өз арабыздан каалаган постко коюлган "лайк" боюнча тандайбыз!) ⠀ Күн сайын биз 20 000 сомдон таратабыз🚀🚀🚀 ⠀⠀Бардык мамлекеттер катыша алат🤩! ⠀⠀_____________________________________ 🔥СТОРИЗДЕ ДА ТАРКАТУУ БАР🔥 СТОРИЗИМДЕГИ сүрөттөрүмдөн менин үстүмдө көк түстөгү кийим же аксессуар көрсөң, ошол замат директке "ШТРАФ" деген сөздү жаз✔️ Эң биринчи тапкандар жана көңүл бургандар ошол замат телефонуна 200 бирдик алышат! СТОРИЗДЕГИ ТАРКАТУУ 5 күн уланат! ⠀ Кеттик!!!😍
18502  
21.01.2020 Nasaat.kg
Дагы бир жолу арак тууралуу... Абдишүкүр ажы Нарматов. Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Мен буга чейин эле арактын шариятта тыюу салынуу себебин, анын коомго тийгизген залакасын какшап айтып келгем. Мындан кийин да айта берем. Анткени, шариятта тыюу салынган күнөө иштердин көбү жеке адамдын өзүнө зыяндуу болсо, арактын зыяны бүтүндөй коомго, кошуна-колоӊго, жок дегенде бүтүн бир үй-бүлөгө тийип жатпайбы. Ислам дини бүт элдин тынчтыгын, бейпилдигин, коопсуз жашоосун каалаган дин. Шариятта күнөө иштер зыянына жараша бааланат. Жеке адамдын өзүнө гана зыянын тийгизүүчү күнөөлөрдүн жазасы ошонун өзүнө жараша болот. Күнөөнүн канчалык оор экенин билдирүү үчүн пайгамбарыбыз (ар түрдүү салыштырууларды айткан. Эки күндөн бери атыӊ-өчкүр аракты атасынан артык көргөн кээ бирөөлөрдүн “тынчын” алып, менин дарегиме түрдүү “мактоолорду” айтуусуна себеп болгон хадисти бул жерде толугу менен келтирейин. Ибн Аббастын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Арак – жаман иштердин энеси. Чоӊ күнөөлөрдүн чоӊу. Ким арак ичсе энеси, таежеси жана атасы менен бир тууган эжеси менен жаткандай күнөөгө батат” – деген. Бул хадисти Ат-Табарани “Ал-Кабир” китебинде 3134-катар саны менен келтирген. Хадисти Ал-Албани “Ас-Сахих” китебине 1853-катар саны менен киргизип, ишенимдүү, туура хадис деп баалаган. Чынында, арак көп жаман иштин башаты экенин башында тооктун мээсиндей акылы бар адам даана билип турат. Алыс барбай коомубузда жакынкы күндөрдө болуп өткөн окуяларга сереп салсак, аялын уруп өлтүргөн, төрт жашын кызын зордуктаган, энесине кол көтөргөн сыяктуу жан кейиткен иштердин баарынын башында арак турганы белгилүү. Мас абалында жол кырсыгына учурап, өзү эмес, бир канча бейкүнөө адамдын жанын ала кеткен окуяларды айтып отуруунун кажети деле жок. Арактын айынан түрмөлөр толду, жетимканалар толду, карыялар үйүлөрү толду, кабырлар толду. Муну мен айтпасам да көрүп-билип турабыз. Менин айтайын дегеним, атасы арак үчүн өлгөндөр, арак канына биротоло сиӊип, бөтөлкөгө энесинин эмчегине жармашкандай жармашкандар, анан да жөн эле жумурткадан кыр издеп, эптеп-септеп динге, же дин аалымдарына (уландысы комментарийген)....