сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
689   0
22.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
📣 Эртең кечки саат 21:00 до жеңүүчүлөрдү аныктайбыз🔥😎 ______________________________________ 🎁🎁🎁 Белектер 🎁🎁🎁 ______________________________________ 1 - орун - Redmi note 8 2 - орун - Redmi 8A 3 - орун - Колонка JBL 4 - орун - AirPods 5 - орун - Smart часы 6 - орун - M band4 саат 7 - орун - М4 саат 8 - орун - 1000сом 9 - орун - 500сом 10 - PowerBank 11 - PowerBank Катышыңыз, шарттары опоңой:😍 👤@begimaydan_belek аккаунтуна катталып, баардык спонсорлорго катталып ❤️ Акыркы сүрөткө лайк басып 2 досуңузду комментарийге белгилеңиз. ⚡Оюн бүткөнчө баракчаңыз сөзсүз ачык болушу керек, иштебеген (ээсинин сүрөттөрү жок) баракчалар оюнга катыша албайт, жылдыздарды белгилегенге болбойт. 🍭 23 - декабрьда 2019г. 21:00 до, жеңүүчүнү түз эфирде lizaonair программасы аркылуу аныктайбыз. P.S: Чоң сураныч, белгилеген досторуңузду кайрадан белгилебеңиз. ➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖ Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз😘🎁
Загрузка...
689  
14.11.2019
"Бир домбра" Бал тамган сөздөрүнө көңүл тоюп, Барынча бара жаткан өмүр болуп. Керемет домбраны күмбүрлөтүп, Келген эле Майра кыз келин болуп. Келиндин колундагы бул домбра, Элимдин оюндагы сый домбра, Көңүлгө  көңүлдү кошоор эле, Көп комуз ичиндеги бир домбра! Бир түшүп Канаттын кемесине, Нур түшүп Манастын элесине. Андагы домбраны чалган келин, Айланып көп кыргыздын энесине. Турмуштун ыргагына башын коюп, Кыргыздын муң зарына макул болуп. Ак батадан ак ботодой уул табышып, Ак жолтой уул болсун деп атын коюп. Акындарга аралаш бото жүрдү, Акындарга санаалаш кошо жүрдү, Сөзү калып өзү кайда шашты дешип Көп акындар эскерет ошо күндү. Ал домбра кеп таштап шартылдачы, Ар кебине коргошун балкылдачы. Ысык Көл домбранын дабышынан, Ыр угуп азыраак шарпылдачы. Ак ботосун апабыз эркемсиң деп, Аябай эркелетти кел келсиң деп. Домбранын чебери кош айтышты! Дооруңда домбрамды чертээрсиң деп. Ажал келсе айласыз каласың да, Ак жолтой кусалыктын арасында. Атасынын көзү бар карашында, Апасынын сөзү бар баласында. Токтобой көл дабышын сала берди, Тоолорго толкундарын чаба берди. Кунарсыз Ак жолтой ыйлап ыйлап, Кучактап домбрасын  кала берди. Домбра кайрадан безеленди, Акырын тай тайлап өсө берди. Апасынын ыры бар таңдайында, Ак жолтой акындарга жете келди. Домбраны эч кимге алмаштырбай Достордун кир колун карматтырбай, Апамдын колунун жыты бар деп! Аздектеп аярлады чаң бастырбай. Өмүрдүн бүрү гүлүн ачкан кезде, Өзүнө ылайык жар тапкан кезде. Баш кошуп бат коштошуп кете берди, Бактылуу өмүр сүрүп жаткан кезде. Ошентип Ак жолтойго ажал тийди, Оо арман адам түгүл ажал сүйдү! Күлгүндөй кош жылдыздар кош айтышты, Ким билет көз тийди же назар тийди. Акындар! Ыр кылышат бул заманды Акындар! гүл кылышат бир кадамды. Айтыш сайын издемей болдук эми, Домбра көтөргөн бир балаңды! Айтыш сайын эстемей болдук эми, Домбралуу калпакчан бир караанды!😥😥😥 @Акбаркубанычбеков @turatzhumaev_ @jamaika_tokonova_official @sadyrbekturdubekuulu @chyngyzkhan_kozhosh @kadyrbekbeishenov @maldybaevnursultan @mambet_akyn