сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
600   29
27.12.2019
13-болук.Мен туура кыламбы,куноолумунбу,акмынбы,апам учун таптазамын.Болушканы болушкан.Эже,акелерим,далай таяк жешти го мен учун.😊. --Сен кызым,аябай башкарганды эле жакшы коросун,жок дегенде 15 адамга кожоюн болсон экен,дей берчу😊.Шугур кудайыма мин жолу шугур.Жетекчи болбосом да,бала окутуп,ыр ырдап,оз куйормандарымды таптым...Апама аздыр коптур акча жонотом,бел болсун деп,мен эмес кудайымдын берген ырыскысынан.Озу апам жаш кезинен эле,тыйынды жакшы бекитчу.Корсо камдуу эне экен.Жайында себетке акчаларын жайып,кургатып салып койчу.Айылыбыз бир метр казсан суу чыгат,сыз.Анан сандыктын ичинде коктоп кетпесин дейт да.Менмин дегендер деле,апама келчу,акча сурап...Анан апамдын дагы бир касиети,таштан толго салчу.Жоготкондун баары эле биздин уйдо,туура чыкчу.Таап алышып,чай,чамегин которуп келгендери да коп...😊Жаным апам,ошол элдердин эсиндесиз!!! Мен,концерт берем жылына,2009-жылы"Эмгек синирген артисти".Султан Раев агайым келип тапшырды,апам залда.Карасам ордунан туруп алыптыр,кубанып турат. ----Менин апам,деп элге мактандым.Меники эмес,бул сыйлык,сыймык апамдыкы деп,апамды сахнага чакырдым.Элдин кол чабуусунан ,башым тегеренет. ----Рахмаат сиздерге"Кызымды адам катары коруп келгениниздерге!!!"деди апам,эл дуу деп,кулушту.😀👍.Кагылайын апам,кутпогон жерден чыгып,ичинде ыраазы болуп,коп элдин келгенине,суйунуп отурганын айтты.Таазим этем деп,сахнадан кеткенче ,бекем кучактап,кызыл китепти берип,колунан оптум.😥.Эл шатырата кол чапты.....Ошондо апам,ооруп,тошоктон туруп эле келиптир,ону саргыч болчу,бирок эч айтпады....Коноктоп баарын узаттык.Ар дайым бир туугандарым,азыркы кунго чейин келип,концертимде бир эс алышып,чер жазып кетишет.Бактымсынар силер менин,алтын бир туугандарым,сагынып журом азыр.Апрелде ар жылы концерт.(уландысы бар) ---
Загрузка...