сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
578  
29.10.2019
Бир айдан соң коштошом Адамга эң туура тартылган нерсе АКЫЛ болсо керек. Себеби эч ким өз акылына нааразы эмес... Өрнөк берүү оңой, ӨРНӨК БОЛУУ КЫЙЫН... Соцтармактагы сайттын ээлери, өздөрүн чоң бир телеканалдын директорундай сезишет... Жазган макалаңды көп болсо миң адам окуйт. Миллиондогон элди башкарып жаткандай башкачабыз... Башкаларды артынан сындап атып, ошолордун артында калып кеткенибиз менен ишибиз жок... Адамдын жакшылыгын көрө албаган КӨРЛӨР көбөйүп баратат, аттиң... Бала кездеги үйдөгү ФОТОАЛЬБОМдон өтөрү жок... Ал альбомду жакындар гана көрөт эле. Азыр СОЦБАРАКЧА ошол альбомдун ордун басып, анын ичин иттер да аралап кетти... Бирөөнүн арманын, бирөөнүн жалганын, бирөөнүн тамагын, бирөөнүн сабагын, бирөөнүн көйгөйүн, бирөөнүн көйнөгүн, бирөөнүн ыйын, бирөөнүн сыйын, бирөөнүн тообасын, бирөөнүн модасын... Айтор жакшы менен жамандын ортосунда аралашып калган АКМАК болуп жатабыз... Жакында соц тармак менен коштошом. Баары ушул жакта жүргөнүнөн, аз да болсо пайдалуу макала киритип турайын деп кирген элем. Бул жакта баары акылдуу, артта калып калган адам сыяктуу уяла баштадым. Эсим барда этегимди жыйып кетип калайын... 29.10.2019 Идрис акын
Загрузка...
578   44   4448
26.04.2020
Урматтуу калайык! Бүгүн кеч кирип таң атса, Элмирбектин бул жарыкчылыкты таштап кеткенине бир апта болот экен. Сыймык Бейшекеев иним үч-төрт күн мурун Элмирбек жөнүндө элге сунуш айтып жатканын кулагым чалды эле. Мен: "Ал сунушту айта турган убак да келээр" - деп, көп көңүл бурган эмес элем. Эми ойлосом, бул маселени туура эле, убагында козгоп жаткан экен. "Жер суутат" демекчи, убагында айтып, чечилип калбаса, бара-бара унутулбаса да, кызуу колдоп жаткан элдин каалоосу сууп калчудай. Айта турган болсом, Элмирбектин эл үчүн кылган кызматын, кыргыз-казакка болгон кадыр-баркын мен айтпасам да элдин баарына, мамлекет башчыларга чейин белгилүү. Себеби: Элмирбектин ар бир кылган эмгеги, кээ бир ишкерлердикиндей жашыруун эмес, эл алдында, эл менен айдан ачык экен. Ошондуктан, ысымын ыйгаруу маселеси, мараторийдин убактысы бүткөндөн кийин талкууланаар?... Ал эми Сыймык Бейшекеев сунуштаган кандайдыр бир, жаштарга шык бере турган мамлекеттик сыйлыкты Элмирбек атындагы деп белгилесек, мындан да өнөр багып, өнөр баалаган эл экенибизди далилдеген болоор элек деген ой-пикирге кошулаарымды билдирем! Бул сунушту бүтүндөй "Мен кыргызмын!" деген ар бир жаран. Колдоору белгилүү! Элмирбектин ырларын боордош казак, түрк элдери да жандуу оркестр менен ырдап жаткандыгы бекеринен эмес. Сөзүм кур болбос үчүн, Элмирбегибиздин "Булбулум" аттуу ырын боордош Казак Элинин белгилүү ырчылары Оңал Азаматова менен Гани Матебаевдин аткаруусунда угуп койсоңуздар!