сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
435  
21.12.2019
5-болук.Ошентип,эптеп бутуштун айласы,кээде кызымды которуп алам,эмизип уктатып,артка отуруп алам,уктатып,болбосо жатаканадагы кыздарга таштайм.Хорго кирем кызым менен,эжейлер тилдесе,анан кантем эми?😥деп.... Стипендия жогоркусун алам,жакшы окуйм,кызыбызга пособие,жолдошум да жогоркусун алат.Кенен жетет.Кошумча да иштей койчу атабыз.Рахмаат деп калам азыр.Кундордун биринде: ---Сен окубай эле кой,же академический ал,баары бир мен багам да дейт.😡 ----Мен биринчиден Фрунзеге турмушка чыгам деп келбегем.Жогорку билим алам деп келгем.Албайм академ.таштабайм окуумду.😡 ---Анда кызды айылга берип туралы.Акыры кондурду.😥😥Билетке жоо ,кызым колумда 3 айлык,жыты бир сонун,коздору бир чоон,озу кичине торолду 2,500гр.Ичим туз куйгандай ачышат. ----Кантип,кантип???😘😘🐣Кантип чыдайм,ыйласам козум жашы мойнумдан отуп,кызыма тамчылайт,оозума киргени да бар,туз эле....😥😰.Кокус карай албай,оорутуп коюшсачы???😥.Анан дагы кокус.....😭😭😭Жоок бере албайм дедим.Билет албайбыз.Окуумду да таштабайм.😥😰Сага экинчи айтпайм кал деп...😡.Кеттик артка...😡 ----Жоок,сенин тилин эле сайрайт.Эртеге дагы эле ушул.Эркелигинди мага корсотпо?Которгондорго корсот,жетет.Мушташып кеткенден да тайбайт экенсин.Ишенбейм сага😡.Алабыз билет.Менин уйумо десем,жок дейсин.Эжелерине берип туралы...😡 ---Эжем,кантип карайт экен?Кокус....😥😰.Балееге калам да,сенин эжен деп...😥 Билетти алдык,кайра артка жоо...Эми андан бешпетер ыйлап баштадым,кызымдын алдында бир чоон куноолумун,ооп,ооп коем.Жашым,баягыдан эки эсе,баспай калдым.😭 Ошол убакта суротчу алдыбыздан чыга калып,суротко туштук.Менин козум корунбойт,шишик,манаттай кызылмын.🐣😘😘😘😘😥 Жатаканага жеттик,5,-этаж.Араан басып чыктым.Атабыз Иван Грозный.,кабакты туйуп.... ----Абже..абже..деген ун кулагыма шак эте тушту...Карасам эжем ананайын эжем,кызын бойго жеткен,аккардеонумду берип жибериптир,бир аппак костюм кызыма.Мен келип,эшигинерди такылдатсам,эч ким ачпайт... Ошентип,мен кайрадан торолуп,кызым ак костюмду кийип,бузук аккардеондун ордуна жакшысы келип,билетти откоруп,жомоктогудай жашап калдык.Эжеме,синдиме чексиз ыраазымын.Бирок журогум баары бир таштай алмак эмесмин.Менин журогум бордон жасалган болуш керек.(Уландысы бар)
Загрузка...
434   61
13.01.2020
10-болук.Ошол центрден биздин айылга кеткен жолдо,бир туп тал бар.Эки айылдын ортосу болуп калат,жол жургондор ошол талдын колокосуно отуруп,которгондо колду кыйган сумкаларын коюп,талдын астынан арык отот,арыкка бети,колду жууп,улгургону бутун да салат....Ал "Жалгыз тал" деген эл койгон аты бар.Жетип,биз да олтурдук.Апам,канча жугу болсо деле,эч автобус кутпочу,ушундай чыйрак апам,кагылайыным,башына да коет,эки колунда да жук,жоо журчу ар дайым.Апамды эле карайм,маанайы суз деп.Бир мезгилде,жымжырттыкты бузуп,апам: ‐Эми кызым,он бирге чыгыпсын.Эптеп окутам дечи беш сомунан качпайм.Бирок,аккардеонун журогум оорутту,сен дагы акча жокто,барып адеп кармалап,термелейсин,уят кылып адамды.Магазинде мен кандай абалда болдум билдинби? деп,апам коздорунон катар,катар жашы тогулуп кетти....😔.Мен деле алып берип,сени суйундургум келет,козун коруп,аган уйлонуп,жалгыз уйду саттык.Сатпасак болбойт эле,эл журттан кем кылбайын дегенде,эки козум торт...дагы эле жашы токтободу.....😥Тээтиги деп,талаада байланып турган кызыл уйду корсотту.... -Тааныдынбы?ошол биздин жоош Зояда,суту коп болбосо да,майлуу эле....Ыссыкта,тердеген апам,коз жашыбы,же териби билбейм,мени кучактап опту эле,туз эле даамданды...😌. ‐Журу,барып,Зояны кашылап,кашылап коеюн деди.Зояга барганда,апам,садагаболоюн апам: ‐Зоя,кичине арыктай тушупсун,биздин айылдагыдай чоп жок да, жаныбарым.Апамды коргон Зоя жиби узуун экен,апамды утурлап басып жатпайбы?таанып....Журогум ушунчалык бошоп кетти,ага чейин озумду кармагам болушунча....😪.Ал уйду ар дайым бадага кошуп,кечинде тосуп барып,канча жолу балдар,кыздар менен ойночубуз.Уйга жоногондо эле шапалактай нанга каймак сыйпап,алмадан салып чонтокко.Анан уйлар келгенде,биздин уй артында калчу.Мен намыстанып,куйругун бурап журуп,чуркатчумун,топурак жолдор,уйдун жыты,кээде булгап да жиберет,анысына да карабайм,анан чан, биринчи келишим керек кочобуз боюнча.Уйго жетем биринчи,бирок менин онум билинбейт,чачым бопбоз,каш,кирпик чан баскан,тизеден топпурак,чан кийимдерден бери.Бала экенбиз да....Суйунуп журосун биринчи келдим деп,устун эсине деле келбейт....😊.Ошол кундорду да сагынып,бадага барбай калганыма окунуп,эчкирип,эчкирип 😭 ыйлап алдым...