сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
412  
31.01.2020
Урматтуу Аксылык жердештер! Жакынкы күндөрдөн бери Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу, Мукур айылынын тургуну Дүйшөн уулу Базарбайдын оор дартка чалдыгып элден жардам сураган кайрылуулар келүүдө. Биз да көмөк көрсөтүү үчүн элден жардам сурап жердештерибизге кайрылдык. Жаман эмес кудайга шүгүр , боорукер адамдарыбыз колдон келген жардамын которушуп жатышат. Ошону менен бирге эле биз да Аксы таланттары уюшуп кайрымдуулук концертин өткөрүп Базарбайга бир аз жардам кылсакбы дегенбиз! Андыктан урматтуу жердештер баарыбыз Базарбайдын өмүрүн сактап калуу үчүн баардык Аксылык жердештер биздин кайрымдуулук концертибизди колдоп берет деген үмүттөрүбүз чоң. Концертибиз кафеде өтмөкчү, билет баасы 500р ден. А сиздер келип кафеде чай ичип жеген тамак-ашыңыздарды төлөп кетесиздер! Бир аз да болсо Базарбайдын өмүрүн сактап калууга көмөктөшүүңүздөрдү суранабыз! Дареги м. Перово. Ул. Зелёный проспект 1а. Кафе Черкиз. 21-февраль. Башталышы:20:00 Байланыш тел: 89657739090 Элдияр 89646207595 Азатбек +7 925 735-96-80 Чыңгыз +7 926 547-77-99 Шамшар +7 999 868-74-54 Бекболсун
Загрузка...
412   180   21209
28.03.2020
Бул эмне деген корунуш? Бул эмне деген мыкаачылык? Буга ким уруксат берди??? 😲😭 Мен официлдуу турдо президентибиздин @sooronbai_zheenbekov_official дин коронавирус жонундо , кандай жоболорду сактоосун, чектоосун гана уктум, кордум. Бирок, уй жаныбарларын уйдун короосунан атып кетилет, короодон чыгарбоо же жана башка чектоону укканым жок! Дээги эле андай маалымат таппай турам. Анан бул видеодогу эр азаматтар кайдан чыкты? Маска жана перчатки тагынып жургонуно караганда, видео жакынкы арадагы эле деп эсептоого болот деген ой кетет экен. Бул видеодогу жаныбар балким бир уй- булонун кичинесинен суйуп баккан жаныбары, балким тийиштуу укол алды деген документи ( паспорту ) бар!!! Кыргызстандын жараны катары жана уй жаныбарды багуучу катары мен тынчызданам жана тийиштуу органдардан так жоопту билгим келет! 🙏 Улуттук ветеринариядан так маалымат алдым, уй жаныбарлары бул вирус менен ооруубайт жана жугузбайт»- деген! Алардын жаныбарларга тийиштуу вирустары болот, алар адамдарга жукпайт! - дешти! Анан бул корунушту кандай тушунсо болот? 🙁 Же бул пландалган жумуштардын бириби? Же мен балким укпай-билбей жургон чыгаармын. Билгендер барбы? Кокус, уйдон бала-бакыра чыга калса эмне болмок? Уйдун кожоюндарын кабардар кылып , мындай кооптуу иш-чараны кылыш керек го дейм....Мен эле эмес, мага окшоп тушунбой жаткан жарандардын суроосу! байкуш жаныбардын же тили болбосо, бизге окшоп укуктарын, каалоосун, кайгысын айта ала турган....😭@meria_bishkek