сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
16496   433
21.04.2020
БҮТҮНДӨЙ ЗАМАН-ДООР КЕТТИ, АРМАН (Элмирбек Иманалиевге) Жакшынын саны суюлуп турат, Жабыгып көөнүм буюгуп турат. Чымындай жаны Аллага кайтып, Чынарың, кыргыз, кыйылып турат. Акынды жоктоп бозоруп-боздоп, Ай-аалам муңдуу туюлуп турат. Артыңдан эми чын баркың билип, Армандар ичте жыйылып турат. Жараткан, кечир! Бейишиң бер деп, Жалпы журт ыйлап, сыйынып турат. Элимден да бир бийик тоо кулап, Көзүмдөн жашым куюлуп турат. Тилиңден асел төгүлүп турчу, Жүзүңдөн жылдыз көрүнүп турчу. Жүрөккө толгон ак сүйүүң балкып, Өнөрүң менен өрүлүп турчу. Талантың айдай жылдыздуу түндө, Таптаасын болуп бөлүнүп турчу. Жарышка түшсөң тулпарың туйлап, Намысты бербей теминип турчу. Нарк-насаат айтсаң жандүйнө жаркып, Көңүлгө кубанч себилип турчу. Деңиздей терең мааниңе муюп, Аскалар дагы чөмүлүп турчу. Карарып асман түнөрдү минтип, Кайгыга салып бир элди минтип. Алкынып учкан ак шумкар кулап, Аманат өмүр түгөндү минтип. Миң сырдуу ажал тооруду минтип, Мүрөктүн суусу соолуду минтип. Маарага дайым алдыда келчү, Дулдулдун жону жооруду минтип. Таскактай сызып соңуна жетип, Түгөттүң даңгыр жолуңу минтип. Таппайбыз эми асылды сендей, Издеген менен ааламды тинтип. Арадан залкар зор кетти, арман, Агылган улуу кол кетти, арман. Колдо бар алтын бааланбай балким, Билинбей баркы шор кетти, арман. Бир акын жана бир инсан эмес, Бүтүндөй заман-доор кетти, арман. Келген соң кайра кетмейиң чындык, Бул дүйнө закым, бул дүйнө жалган. Намыска дайым турчусуң чамдап, Пейилиң болчу тоолордой калбаат. Өмүрдү бекер коротпой бошко, Рухтан кеттиң казына камдап. Мунара курдуң жандүйнө үчүн, Ой, сөздүн жалаң гүлдөрүн тандап. Уланат жашооң тарыхта эми, Жеңижок, Коргоол, Барпыны жандап. НК, 21-апрель, 2020-жыл
Загрузка...
16490   858
25.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
100 000 СОМ - АЗЫР🎉 Күн сайын деңгээли жогорку эстрада жылдыздарынан жана чыгаан блогерлерден 20 000 сом алууга даярсыңарбы???💥💥💥 ЭРТЕҢ саат 22:00до 2 катышуучуга🎉 20 000 СОМ берип кубантабыз!!!💸 ⠀ ЭРЕЖЕЛЕР ЭҢ ОҢОЙ👇: ⠀ 1️⃣ Азыр менин бардык досторума каттал (мен бардыгына катталгам! Таппай кое албайсын🤗) ⠀ 2️⃣ Биздин фотолорду жүрөкчөлөр менен толтур (лайк бас)❤❤❤ Бардык блогерлердин акыркы 7 сүрөттөрүнө жана жаңы поссторуна "лайк" кой! (Бул өтө маанилүү, себеби, биз өз арабыздан каалаган постко коюлган "лайк" боюнча тандайбыз!) ⠀ Күн сайын биз 20 000 сомдон таратабыз🚀 ⠀⠀Бардык мамлекеттер катыша алат🤩! ⠀⠀_____________________________________ 🔥СТОРИЗДЕ ДА ТАРКАТУУ БАР🔥 СТОРИЗИМДЕГИ сүрөттөрүмдөн менин үстүмдө көк түстөгү кийим же аксессуар көрсөң, ошол замат директке "ШТРАФ" деген сөздү жаз✔️ Эң биринчи тапкандар жана көңүл бургандар ошол замат телефонуна 200 бирдик алышат! СТОРИЗДЕГИ ТАРКАТУУ 5 күн уланат! ⠀ Кеттик!!!😍