сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
336   30
22.05.2020
Достор, фитир садага берүү убактысы бүтүп баратат. Негизи эле фитир садага Орозо айы башталгандан тарта берилет эмеспи. Бирок Ислам аалымдары фитир садага Орозо айттан бир-эки күн мурдараак берилсе туура болоорун айтканы бар. Себеби, жардамга муктаж адамдар айт күндөрүн барчылыкта өткөрсүн деген ниет экен. Бул жөнүндө жазганымдын себеби, Орозо Айт жакындап калды. Пандемияга байланыштуу мечиттерге бара албасак, мындай фитир садаганы атайын эсептерге акча которуу менен ишке ашырсак болот экен деген маалыматты билдиргим келди. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы 2020-жылга фитир садаганын өлчөмүн да билдирген эле. Бирок ар бир мусулман канча садага берээрин өзү билет эмеспи. Менин билгеним боюнча: Буудай – 35сом, мейиз – 384, ун - 60 сом, арпа – 54, финик – 512сом. Дагы кимде кандай маалымат бар?
Загрузка...