45204 920
26.12.2019
АКАКТАЙ ЖАЙНАГАН ЗАТЫҢДАН,
АЛТЫНЫМ, ЖАН КЫЗЫМ ТАТЫНАМ.
ЖЫЛЫТЫП ЖҮРӨКТҮ ИЛЕБИҢ,
ЖЫЛМАЙСАҢ КҮН БОЛУП АЧЫЛАМ.
КӨНБӨСТӨН КОЛУНА БАШКАНЫН,
ТАЙ-ТАЙЛАП, ТАЛПЫНЫП БАСКАНЫҢ.
“АПА” ДЕП ЭРКЕЛЕП ЧАКЫРСАҢ,
АНСАЙЫН ЖАРКЫРАЙТ АСМАНЫМ.
БЕРЕКЕМ КЫЗЫМ – МӨЛТҮР БУЛАГЫМ,
БАКТЫМ, КУМАРЫМ – СҮЙҮҮ СУНАМЫН!
КӨЛӨКӨМ КЫЗЫМ –
ЖАШАРТЫП ТУРГАН - ЖАНГА ЫНАГЫМ!
КӨҢҮЛДҮН ЭҢСЕТКЕН МЕДЕРИ,
КӨРКҮҢӨ СӨЗДӨРҮМ ЖЕТЕБИ?
КҮЛГӨНҮҢ ЖАЗДАГЫ ЖООГАЗЫН,
КӨЗДӨРҮҢ ЧОЛПОНДОЙ АДЕМИ.
МӨМӨСҮ ЭЛ БЕРГЕН БАТАНЫН,
МЕН СЕНИ “ПЕРИ” ДЕП АТАДЫМ.
ЭМГИЧЕ ТҮШҮНБӨЙМ ЖАН КЫЗЫМ,
ЭХ КАНТИП... ӨЗҮҢСҮЗ ЖАШАДЫМ? #жакында#кызыма