сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
15298   168
09.05.2020
Баарыныздарды Улуу Жениш майрамынын 75 жылдыгы менен куттуктайм. Менин таятам Кожомуратов Райымбек 1943-жылы Токтогул районунун Орнок колхозунан согушка кетип, 1944-жылдын аягына чейин 709-аткычтар полкунда катардагы аткыч болуп согушка катышкан. 1944- жылдын август айында он колунан жаракат алып, 263-согуштук госпиталда дарыланып айыккандан кийин, 130-аскердик курулуш отрядында кызматын отогон. Алган жаракатына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун 2-группадагы инвалиди болуп согуштан кайткан. 1945-жылдан баштап Ленин колхозунун Карл Маркс атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген, 1975-жылдан 1988- жылга чейин Терек- Суу айылында почта болумунун башчысы болуп иштеген. Таятамдай адамдар болгон учун баарыбыз азыр жаркын жашоодо жашап жатабыз🙏 Алган медалдары: Орден «За победу над Германией» от 02.09.1946года, Медаль «20 лет победы ВОВ» 1965 года, Медаль «50 лет ВС СССР» 1968 года, Медаль « 25 лет победы ВОВ» 1975 года; Медаль «100 лет со дня рождения В. И. Ленина» 1970 года; Медаль «30 лет победы ВОВ» 1975 года; Медаль «60 лет ВС СССР» 1978 года; Медаль «Ветеран труда» от 26.04.1979 года; Орден «ВОВ II степени» за № 2154280 (№422830) от 11.03.1985 года. Медаль «40 лет победы ВОВ» 1985 года; Медаль «70 лет ВС СССР» 1988 года; #менинтаятам #сизмененсыймыктанабыз #ардайымжурогубуздосуз🖤
15288   447
01.04.2020
Сурот бул темага туура келбесе да. Окуп коюшунуздарды суранам. Кыргызстанда закон иштейби деги? 😡 ——————————————————————————-Азыр дуйно жузундо мындай кырдаалда кыргыз элиме чыдамкайлыкты тилеп кетет элем.🙏🏻 Бут медицина кызматкерлери оздорун тобокелге салып, элге жардам бергени журокту жылытат. ❤️ Биздин да медицина кызматкелери ушундай кырдаалга колдорунан келген жардамдарын беирип жатышат. Таазим кылабыз барыныздарга! Ошондой болсо да Ош шаарында медицина кызматкерлерин мажбурлап иштетип жатышат экен. Кетсенер акы толонбоочу эс алууга, «уй шартыма байланыштуу» - деп арыз жаздырып жатышыптыр! Пенсияда болуп иштеп жаткан кызматкерлерди «зона рискте» деп кетирбестен. Кайра иштебесенер келип арызынарды жазып кеткиле, деп коркутуп жатышат экен. 🤦‍♀️ Мамлекет башчы бут медиктерге айлык акылары сакталаарын айтканын кулагыбыз менен уксак да, кээ бир жетекчилер башчынын берген буйругун аткарбай, оз башымча болгону бизде дагы деле болсо коррупция токтой электигин билдирет! ☹️
Загрузка...