сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
14525  
13.11.2019
Чоң энем ыраматылыкка аябай окшош экен. Тообо, эркелеткендей жылмая караганы, жумшак сүйлөп көңүлдү көтөргөнү, маегине ак бата аралашып аруу тилек айта сүйлөгөнү, ал тургай белинин бекчейгени, үнүнүн ыргагы куюп койгондой окшош экен. Бул энеге Кара-Койдо жолуктум. Балалыгында, байкуш, жетим инилери менен өлбөстүн күнүн көрүп чөптөрдүн тамырын казып жептир. Азыр өзүнөн көбөйүп, өнүп-өскөн байтеректей тамыры жайылган ак жолтой байбиче экен. Жетим жетилет деген ушул... Энем да жетим чоңоюптур. Жумшактыкка жана тоодой сабырга тарбиялаган жетимдик катаал устат болсо керек. Эч ким жетим болбосун. Жетимге жөлөк, жесирге желек болгондорго сансыз алкыштар... Энемди көргөндөй болдум. Бир жашымдан баштап баккан берекелүү жанга болгон сагынычымды бир аз болсо да жазгансыдым... Бул да ырыскы. Берген батасы кабыл болгой, бул чоң энемдин копиясынын... #ЧОҢ_ЭНЕМДИН көчүрмөсү
Загрузка...