12540 190
21.07.2020
Бул ыр жыйырма жыл мурда жазылган. Ушул апаат күндөрү кайра кайталап окуп, омиин деп алакан жайып турам... Буюрса, баары сонун болот!
ТАҢДАГЫ ТИЛЕК
Тилеймин амандыгын адамдардын,
Тилеймин кенендигин кадамдардын.
Тилеймин иши илгери болсо экен деп,
Мээнети, кылгандары адалдардын.
Тилеймин бейпилдигин замандардын,
Түзөлүп-оңолушун жамандардын,
Тилеймин аткарылып ишке ашуусун,
Түбү түз, адилеттүү таламдардын.
Тилеймин эркиндигин жарандардын,
Бактысын, ырыскысын аман жандын.
Башкысы, адамдыгы сакталса экен,
Бай-кедей, падышанын, чабандардын.
Тилеймин кыргызымдын өнүгүшүн,
Таалайдын шооласына көмүлүшүн.
Көп улут, көп өлкөнүн арасында,
Түндүгү бийик болуп көрүнүшүн.
Тилеймин ар бир жанга көңүл куунак,
Карыга – ыйман, жашка – өмүр-кубат.
Ынтымак, ырыс күткөн ата журттун,
Ыргыткан ташы турсун өйдө кулап.
23.10.2000