сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
11815   478
09.01.2020
Аял күчтүү болсо, андан туулган тукум күчтүү болот! Илгери ата - бабалар мыкты тукум калтырыш үчүн жатыны жакшы деп, күчтүү кыздарды издеген экен. 70% генди бала энеден алат дейт окумуштуулар. Энеси жаман эзели оңолбойт деген кеп да бекеринен чыкпаса керек. Эне билимдүү, күчтүү, дени сак, моралдык, психикалык жактан бекем болсо, силерге мыкты тукумдарды калтырат! Улут күчтүү болот! Мамлекетти акылдуулар, психикалык жактан жабыркабагандар, дени соолор башкарса, сонун да! Силерге билинбегени мн үйдөгү чатак, уруш, эненин кордолушу баланын жүрөгүнө, көңүлүнө, психикасына, ден соолугуна, эң башкысы тагдырына чоооң залал келтирип, айыкпас так салат! Намыс, эл эмне дейт деп чыдап, тиштенип, ошол кордукка чыдап жүрүп чоңойтушат биздин энелер. Бизде эрден чыкты деген кеп өлүмдөн катуу болгон. Аны билген айрым эр сөрөйлөр өмүр бою күчүн көрсөтүп жашашкан. Элестетиңиз, ошону көргөн балдардын көңүлүндө көбүргөн жараны! Азыр заман башка. Аялдар укугун коргогонду, өзүн эздирбгенди үйрөнүп, билим алып, өсүүгө далалат кылышы керек. Көп өлкө кыдырдым. Биздин аялдардай күчтүү, чыдамкай, намыстуу, эрктүү, эшикке чыгып, эркектин жумушун, үйгө кирип, аялдын ишин кылган бир да аял көргөнүм жок. Бир аз колдоо күтөбүз силерден! Баягы күндөн бери асындыңар, асылдыңар, басындыңар, сөктүңөр, уу тилиңерди төктүңөр, арманыңарга арданып, айлаң кетип чөктүңөр! Аялды ардактагыла десем, чалкаңардан кеттиңер, сөөгүмдү кемирип, чучугуна жеттиңер! (Чиңгил - чиңгил комузумду күүлөп коеюн ушул жерден🤣🤣🤣) Менин максатым - эркекти курут кылып, жок кылуу эмес. Грамм переживайт кылбагыла! Силерсиз күнүбүз өтөбү, ээ айланайындар!.)) Айткым келгени, сөзүмдүн төркүнү башка! Өлкөнүн айымдары кордолбосо, кир колуңду салып койнуна зордолбосо, ийне мн кудук казып, билим алсын, дүйнө жүзүн кыдырсын, көп нерсени билип алсын дегеним! Чыныгы мырзалар бар! Алар билимдүүлөр! Көкүрөгүндө көзү барлар! Ырахмат силерге! Силердин катар көбөйсүн! Суюлбасын! Өлкөбүз үчүн чырылдагысы келген эрке кызыңар! 💋💋💋💞 #жөнэлеойлор P.s. өткөндөгү зомбулук тууралуу инстаграмдагы статусумдун алдына 1000 комментарий келди окурмандардан. Атасынын зомбулугун көрүп, стрессте жүргөн көп балдардын көз жашын окуй аласыз
Загрузка...
11802   387
17.04.2020
Аял ким? Аялга Кудай сценарий жазып атканда назиктикти, сулуулукту, акылды, жылуулукту, амалды берип, "Эне" болосуң. Төрөйсүң! " деген оозыйпа оозандырган экен. Төрөш үчүн жаныбардык инстинкт боюнча күчтүү эркек талап кылынат. Тандалат. Тукум уланат. Күчтүү эркек жаңы туулган тукум бутуна тургуча кайтарат. Миллиондогон кылым бою бул сценарий бузулган эмес. Акыркы кылымда бир жактуу жыныстык мамиле ачыкка чыкты. Илгери деле бардыр балким сценарий бузулган эмес. Көмүскөдө келген. Күчтүү эркек күчүн жоготуп, тукуму бутуна тургуча кайтарбай калды. Аял төрөөдөн баш тартты. Турмуш кургусу келбей калды көбүнүн. Кылымдар бою кайталанган сценарий бузулду. Ар ким көңүлүнө жакканын кылып, ар ким өз жолун тандай баштады. Бул башыбызга түшкөн жаңы сценарий. Менимче, бир канча жыл жалгыздыкта ар ким өзүн издөө мн алек болот адамдар. Жер жүзү бир аз суюла баштайт. Үй бүлөнүн баркын кетирдик окшойт анткени. Сыйлаганды, сүйгөндү билген жокпуз. Өзүн тааный элек адам башканы таанышы кыйын болот. Өзүн сүйбөгөн, бирөөнү сүйүш, өзүнүн сезими мн эсептешпеген бирөөнүкү мн эсептешпейт . Ошентип, жулмалашып, кызганып, ур - тепкиге алып, жек көрүп, жектеп жүрүп бири бирибизди кийин акыл кирип, адам катары жетилип, руханий жактан чоңойгондо көп нерсеге көзүбүз ачылаар. Бир канча жылдан кийин сапаттуу, чыныгы, бактылуу үй бүлөлөр куралат деп ишенем. "Сен бойдок катын үй бүлө жөнүндө кеңеш бере турчу акыркы кишисиң!" дейсиңер го. Менимче, дал ушул мендей жаңылган, бүлө күтүп көргөн, бойдоктуктун да даамын татыган аял гана бүлө эмне экенин так, таамай көрө алат! Үй бүлө кураардан мурун үй бүлө куруунун маанисин, маңызын, максатын билүү кажет экен. Болбосо, өкүттө өткөн өмүрлөр көп... #жөнэлеойлор