сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
11559   625
25.06.2020
"Вазир жакшы хан жакшы", " Эрди эр кылган аял", "Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык ж.б. дешип.... негизи мындай ойго кошулбайт элем. "Жибекти тута албаган жүн кылат, аялды тута албаган күң кылат" сындуу макалдар мн деле карама - каршысын айта берсең, уланып кете берет. ⠀ Жашоодо ар кыл үй бүлөнү көрдүм. Дөөлөттүүнүн ырыскысын качырып, жүдөгөн зайыпты да көрдүм. Жоктон бар жасап, үзүлгөнүн улаганды да көрдүм. Аялы тың, табышкер. Жолдошунун "эркек" дегенди тастыктаган "эмеси " эле бар. Калганынан дайыны жокту да көрдүм. ⠀ Макалдардын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар дечи, бирок, көбүнесе адамдын өзүнөн болот экен. Эч нерсени каалбаган, баш ооган жакка кете берген дейдинин каалоосун ойготуш кыйын. " Өсөм " деген каалоосу бар адамды өлүм эле токтотпосо, эч ким жолтоо боло албайт. ⠀ Эрди - катын мамилесинде жолдошу чоң ийгиликтерге жетет, бирок жубайы үйдө отуруп, деградация бп кеткен учурлар болот. Эки деңгээлдин бир арага келиши, бир деңгээлде сүйлөшү азап боло баштайт. Кызык тарайт дегендей. ⠀ Жолдошу өмүр бою бир деңгээлде, жубайы окуп - чокуп, иштеп, өсүп кетет да жолдошу артка өзүнүн деңгээлине тарта баштайт. Анткени биздин менталитетте аялдын алдыга оозунушу айып нерсе. ⠀ Экөө бирдей, бир команда болуп, бир багытты көздөп, чогуу өсүп, максаты бир болуусу абзел экен. Бирин бири камап, кызганып, кыспай, бирин бири жөлөп, өстүрүп, колдоосу маанилүү. Үй бүлө институту да оңой эмес, чоң искусство! #жөнэлеойлор ________________________________________ Визажист @venera_vizazh Фото: @san_imanov Место: @maryotel_bishkek
Загрузка...
11550   481   277030
16.03.2020
Камырды кечке тешкиледин го дегендерге жооп.Камырды мен кооп илейм.Анткени коп илегенде жумшак анан парсылдаган камыр болот.Апам ар дайым конок келээрде камырды мага жасатат.Себеби,парсылдаган сонун кылып жасайсын дейт(Мактанып коеюн🤭😉)Арык болгонум менен куч кенен депчи😊 Рецептин сурагандар учун: Булочканы кефирге жасайм.Курамына: Кефир,жумуртка,сахар,ванилин,ун анан начинкасына джем же уйдо кечке тура берген вареньелерди кошсо сонун болот😊 Кефирди жылытып, бир аз сахар,дрожжь салып,жылуу жерге коюп ачытып алам.Андан сон калганын(жумуртка,дагы сахар,ванилин,ун) салып,кечке жууруйм.Копко илениздер!Жумшак болот!Жууругандан кийин бир аз коюп коебуз.Озу которулуп чыгат.Анан каалагандай формада жасасак болот.Начинкасы жок деле кылсак болот.Бирок начинкасы менен👍👍👍Духовкага салып,бышырып алабыз да жыргап жейбиз🤤🤤🤤Аш болсун! P.s.Анан фондогу ушундай телевизорду кордунор беле?Кнопка менен иштейт.Мындай эч кимде жок азыр!!!😁😁😁