11177 69
06.03.2020
«Мираж» деген китепкана жана китеп дүкөнүнүн ачылышына катыштык. Исанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бета-Сторес дүкөнүнүн эң үстүнкү кабатында жайгашкан. Ким ачты дебейсиздерби? Болгону экинчи курста окуган Турат деген азамат жигит. Жыйып койгон пулу, бордоп койгон малы жок эле жакшы ниет, адал аракет, ысык ыклас менен киришип ачып салды. Ойду омкорот элем, акчам жок, же тааныш таппадым деп өзүн алдап, көңүлүн сооротуп жүргөндөр мындан ибарат алса. Ыклас, аракет, аруу ниет болсо, Жараткандан жардам келерине айкын мисалды жаш жигит амалы менен далилдеп олтурат. Эми китепкана+китеп дүкөнү бүрдөп, гүлдөсүн. Эпадам, арак-шарап саткан дүкөндөр, түнкү клубдар, арам-адалды ылгабаган ашканалар күркүрөп иштеп, студенттин ачкан жамалы жарык китепканасы оожала албай жабылып калса, бул баарыбыз үчүн уялчу, намыстанчу иш болот. Жок дегенде барып туралы, кирдетпей китептерди окуп туралы. Анан китеп сатып алып туралы. Китепкөй жаштар, азаматсыңар! Ишиңерге береке!!!
#мираж
@miraj_books