сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
10734   196
17.01.2020
Жума кунунуздор менен... • Дүйнөдө телегейи тегиз үй – бүлө жок. Анткени телегейи тегиз болгон адам болбойт. Эгерде үлгүлүү үй – бүлө болсо, анда ал үйдө көп жылдар бою сабырдуулук, түшүнүү, акылмандык жана жубайлардын бири – бирине жол берип жашагандыгынын натыйжасы. • Көпчүлүк учурда жаштар бири – бири тууралуу эч нерсе билбей туруп баш кошуп алышат. Мүмкүн экөөнүн бирөөсү сараң, өзүмчүл, акылсыз болуп чыга келет. Жыйынтыгында, көңүл калуу, чыр – чатактар келип чыгат. Мындай учурда капа болуунун кажети жок. Эгерде жогорудагы сапаттар өтө эле зыянын тийгизбесе, анда маселени чечүүгө өзүңүз аракет кылыңыз. Анткени баардык адамда билинбей жаткан терс сыпаттар болот. Мухаммад пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) мындай деген: “Күйөөсү аялын жек көрбөш керек. Эгерде аялынын кандайдыр бир сыпаты жакпаса, анда ал башка сыпатына ыраазы болушу керек”. Бул хадис эркектерге тиешелүү. Бирок хадисте жубайлардын бири – бирине болгон идеалдуу мамилеге карата аябагандай зор маани жатат. Мисалы, күйөөсү аялынын катылып жаткан жөндөмдүүлүгүн байкап, ошол сыпаты үчүн кайрадан жакшы көрүп, сезимдерин жаңылоосу мүмкүн. Бир акылмандан сураган экен: “Сиз жубайыңыз менен көп жылдан бери өмүр сүрүп келе жатасыз. Үй – бүлөңүздүн сыры эмнеде?” – деп сураганда, акылман: “Биздин убакта бузулуп калган буюмду оңдоп – түзөп алчубуз. Ал эми азыр таштап салышат” – деп жооп берген экен. • “Сага кандай мамиле кылууну кааласаң, сен да адамдарга ошондой мамиле кыл”, бул эреже үй – бүлөнүн ичинде да сакталуусу керек. Жолдошуңуздун жакшы сыпаттарын таап, байкап, аларды мактап койсоңуз ашык болбойт. Бирок аша чаап мактасаңыз да аракетиңиз терс натыйжа берүүсү мүмкүн. Эгерде баары өз чеги менен болсо, анда жолдошуңуз да сиздин байкабай жүргөн сапаттарыңызга көңүл буруп, мактоого арзыйсыз. Эч убакта күйөөңүздү жаш балача урушуп, жемелебеңиз. Бир дагы эркек мындай мамилеге чыдабайт. Ал жоош болсо да, анын намысына тийбеңиз. Кыжырданып, ачуулукка алдыруунун ордуна сылык мамиле жана сүйүү гана сиз каалаган натыйжа берээрин унутпаңыз. @taalim__ баракчасынан алынды, баракчага жазылыныздар #таалим #🤲
10733  
07.01.2020
Все любят тайны? Раскрою тогда одну из них: Набираю КОМАНДУ квалифицированных талантливых мастеров в свой НОВЫЙ УНИКАЛЬНЫЙ КРУГЛОСУТОЧНЫЙ САЛОН @ayimstyle 🏪 . ✂Стилистов по причёскам, колористов-парикмахеров; . 🎨Визажистов; . 💅🏼Нейл мастеров; . 🧚🏼‍♀Ресничных фей . 💉Косметологов . 🍯Мастеров шугаринга и депиляции . Мы предлагаем Вам САМЫЕ ВЫГОДНЫЕ и УДОБНЫЕ УСЛОВИЯ ТРУДА И ЗАРАБОТКА🔑💸 . Работа в выбранное Вами время⏰ . Регулярная имиджевая реклама от @anjelika_kairatovna_official📟 . Повышение имеющейся квалификации Мастера бесплатно (за счёт салона🥰) . СМЕЛЕЕ🪁Это Ваш шанс🧧стать профессиональным мастером и далее — преподавателем🤓📚📖 в нашем филиале, то есть уже имеющемся салоне, который автоматически приобретёт статус Обучающего Центра @ayimstyle📊 . Приходите на собеседование, не стесняйтесь! Заявите о себе и пусть о ВАС узнает Страна💥💥💥 . . Справки по телефонам: ☎ 0709897000 📍Наш адрес @ayimstyle: Ахунбаева, 128 (напротив кафе Одноклассники)
10721  
06.10.2019
Кылыч Саркарбаев тууралуу анын спорттогу иниси катары бир ооз унчукпай кетпесем болбос... Спорт жаатында журуп дос дагы, кас дагы, ага дагы, ини дагы таба алдым. Ал учун Кудайга бир гана шугурчулук! Эми Кылыч тууралуу...учурда коомчулукта ар турдуу создор айтылып жатат. "Эл дурбосо, эшек кошо дурбойт" болуп, балким билип-билбей соз кылып жаткандарга бир аз маалымат катары оз коргон, билгендеримди айта кетсем: Кылыч - кыргыздын патриот, эртенки келечекке кайдыгер карабаган, бычакка сап жигиттердин бири. Коп адамга кол сунган, берешен жагын коп эле кордум. Адамдык сапатын, спорттогу адилеттулугун коргон козумду, кантип жок деп танам?! Анан эми бул спортто ар турдуу окуя, создор болуп турат. Озу спорт деп аты оной айтылганы менен, заты бир топ эле оор, аны тушунгон адам тушунуп, которо алчу адам которот. Бул окуя - Кылычтын канча деген жакшы иштерине колоко тушургонун коруп, унчукпай койо албадым. Менин бул оюмду Кылычтын жердештери, анын жанында жургондор жакшы тушунушсо керек деп ойлойм. Балким азыр болбосо, кийин толук тушуносуздор деп ишенем!@k_sarkarbaev @k_sarkarbaev
Загрузка...