10234
01.02.2020
Досум, уктум, таштап бизди кетипсиң,
Бул жалгандан акыретке көчүпсүң.
Астанасын аттап кеттиң ар жакка,
Жабылган соң кайра ачылбас эшиктин.
Эстеп сени дуба кылып турабыз,
Араң чыдап ачуусуна өкүттүн.
Оо, Жараткан, соопторун көбөйтүп,
Күнөөлөрүн, айыптарын бекиткин.
Кош, курсташым, досум - #Махаматали_Султанов.
Фотодо оңдон биринчи турат. Ноокендеги Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы эле.