сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
9703   101
09.05.2020 Biskek , Kyrgystan
Бул "Улуу Жеңиш" бизге оңой менен келген эмес экенин өзүбүз көзүбүз менен көрбөсөк да, аң сезимибиз менен, тарыхыбыз менен билебиз 😔.... Бул "Улуу Жеңиш" канчалаган көз жаш, канчалаган өмүр, канчалаган кыйынчылык, канчалаган өлүм, канчалаган, энелердин, жубайлардын, секелек кыз -балдардын, кары-картандардын, жоокерлердин ыйы, каргышы, эмгеги, жаны, каны менен келген Жеңиш 😢!!! Биз ушундай жаркын жашоодо жашап жатканыбыз учун өмүрүн тобокелге келтирген адамдарга терең ыраазычылык 🙌 🙏🙏🙏!!! Мага ушул "Улуу Жеңиш " күн ар дайым башкача сезимдерди алып келет.. 😢Көптөгөн суроолор менен келет... Эгерде бул болбосо кандай болот эле?.....Эгерде Жеңиш болбосо биз бул дүйнөдө болот белек,?... ушу сыяктуу көптөгөн суроолор 😔😇........ Рахмат сага Жеңиш 🙌.... Рахмат....😢..... Канчалаган омурлорун берген асыл инсандар силерге рахмат 😢...... Бул майрам силердин майрамынар!!!!😢 Силерди биз эч качан унутпайбыз 🙏🙌 _____________________________________ #женишкуну #днемпобеды💐
Загрузка...
9690   261
23.05.2020
1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, мектеп бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн акыркы коңгуроо күнү мектептен биринчи жолу белгиленбей калды. КВ Covid-19 илдети дүйнө жүзүн өзгөртүп, жашообузга чоң таасир этти. Быйыл 103000 балдарыбыз 9-классты, 59000 жаштар 11-классты аякташат. Билим берүү министрликтегилер аңкыркы коңгуроо күнүн 30-май 2020 теле, радио, ММК жана интернеттен бүтүрүүчүлөрдү куттуктайбыз дешти. Карантиндин кесепетинен, кээ бир ата-эне ашыкча чыгым же стресстен кутулдук деп жатаар, кыйын убакытка чалдыккандык, түшүнүктүү.. Бирок, өзгөчө маанайдын атмосферасы, мектеп имаратына кол шылтоо, мугалимдер, досторубуз менен коштошкон күндөр баардыгыздын эсибизде.. Урматтуу достор, быйылкы бүтүрүүчүлөрүбүздү колдоп, калоолорубузду айтып, акыркы коңгуроодон сүрөтүбүздү жүктөп койбойлубу? Урматтуу бүтүрүүчүлөр, ❤️ ар бирөөңүзгө узун өмүр, жакындарыңызга аманчылык, турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө күч кубат тилеймин. #БарБолгула #Бүтүрүүчү2020 Впервые, со времен обретения независимости, наши выпускники не будут праздновать последний звонок в школах. Пандемия КВ Covid-19 внесла свои коррективы в нашу жизнь, изменив многое в ней. В этом году 103000 школьников оканчивают 9-класс, и 59000 11-классников прощаются со школой навсегда. В министерстве образования мне сообщили что будут поздравлять выпускников по ТВ, радио, СМИ и интернету 30.05.2020. Карантин усложнил жизнь всем, и полагаю что освободил большинство родителей от дополнительных расходов и стрессов в столь сложное время... Однако в памяти каждого из нас, навсегда останется особая атмосфера последнего звонка, прощания со школой, учителями и одноклассниками. Уважаемые друзья, давайте поддержим наших выпускников своими пожеланиями, выставив фото с последнего звонка, если найдется? Уважаемые выпускники, ❤️ желаю долгой жизни вам, благополучия близким, и чтобы у вас было достаточно сил для преодоления всех жизненных невзгод! #ВсегоНаилучшего #Выпускник2020 P.S. Это я на последнем звонке в 11-м классе, 25-мая 1995 года. НКГ #5, Бишкек.
9685   400
05.01.2020
Мектепте окуп жүргөн кезим. Жаңы жылдык балаты дегенде эле жүрөкзаада башталат. Кыздардын баары үлпүлдөгөн укмуш көйнөк кийишет. Мен да кийгим келет. Ушундай кийгим келет. Өзүм кийбесем да куурчагым кийсин деп аларга көйнөктүн түрүн кийгизип, кагаздын бетине сулуу кыздын сүрөтүн түстүү көйнөк мн тартам. Көйнөк көзүмөн учкан менен көксөө бойдон калаарын билем. Обу жоктонуп "Көйнөк алып бер!" дей турчу абалда эмес элем анткени. Жалгыз мени сүйрөп жүргөн апамды аяйм. Абалдан чыгыш үчүн жез кемпирдин ролун алам. Аны менден өтүп ойногон киши жок. Тишимди капкара кылып карандаш мн боейм да эски - уску чапан - көйнөк менен балаты деген балээден кутулам. Кийин турмуш курдум. Көнгөн адат калган жок. "Көйнөк " кием деп көпкөн жокмун. Күнү - түнү маңдай терин агызып алган акчасын жөнү жок чүпүрөккө сапыргандан тартындым. Дитим барган жок. Азыр жалгыз башыма түрлөнүп, көгүчкөндөй кулпуруп, койкоңдоп, көйнөктүн түрүн кийгенди ким кой деп атат? Балалыгыңда аткарылбай калганды аткар. Каалаганыңды ал! Кий! Жок. Дагы эле көңүлүм тартпайт. Шоппинг кылып, мода кууп, түрлөнтүп дүкөндү түрө кыдырган адат ошол бойдон пайда болгон жок. Илгери эмдиги жылы да киесиң деп өлчөмүн чоң, анан кир көтөрүмдүү деп өңү кара, күрөңүнөн алып берчү эле го. Анын сыңарындай мен дагы ыңгайына, жылуулугуна качырам. Балалыгыңда орноп калганын оңдош кыйын болот экен. #жөнэлеойлор