сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
9440   295
24.11.2019
Раим айсбергдин чокусу эле. Бир эле үлгү, бир эле көрүнүш, бир эле мисал. Алдында кандай гана чырмалышкан коррупция жатат. Баскан изибиз коррупция. Кеп Азаттыктын маалыматына эле дүрбөп жатабыз дегендик эмес. Ал маалымат болсо да, болбосо да ичибизде дүрбөлөң жүрүп жатат. Баарыбыз эле бул маалыматты мурунтан билгенбиз, туйганбыз. Ызырынганыбыздын себеби, жөн эле бийликтин кайдыгерлиги, көңүл коштугу, унчукпастыгы, иштин үстүн өрт - бас кылууга аракет жасоосу, калкалоосу. Жеке эле Раимди эмес. Жалпы коррупционерлерди. Эртең эле жаңы шайлоо болот. Аз калды. Маанилүүсү ошол шайлоодо күнү мага тийет деп эле трайбалисттик көз карашты курчутуп, өзүң жакты сүйрөй берүү эмес же акчасы көп экен деп ыргыткан жугундусуна эртеңкиңди сатуу да эмес, чыныгы күйгөн, билимдүү, илимдүүлөрдү сүйрөө, аларга көмөк болуу! Буга чейин бир да шайлоодо иштеген эмесмин. Бул сапар иштегим келип турат. Мейли алып баруучу, журналист, мейли актриса, блогер, мейли аны жарнамалоого катышып, айтор татыктуусун сүйрөгүм келип жатат. Акчасы жок бирок күчтүү бирөө болсо, бекер иштегенге да даяр бололу! Жапа тырмак киришип, ынтымагыбызды күчөтсөк эле колубуздан келет. Күчтүү бирок шайлоого катышканга акчасы жок балдар - кыздар толтура! Шайлоого сөзсүз эле бизнесмендер, соодагерлер, криминалдар катышышы керек эмес! Шайлоого мугалимдер, юристтер, карапайым калктар да катышышы керек! Өлкөмдү көтөргөндөр келсин ! Эзели маршруткага түшүп көрбөгөндү, эзели айылды аралабаганды шайлап алып, карапайым калкты көтөр дейбиз! Ач бала мн ток бала ойнобоорун билбейбизби? Элиме жана эртеңкиме болгон салымым балким ушу болоор! Колуман келгени ушул экен. Сахналаш кесиптештерим да колдойт деп ишенем. Анткени алардын арасында эртеңки күнүбүзгө кайдыгер карабаганы, сатылбагандары бар!
9435   391   291976
11.05.2020
Жашоодо баардык мүмкүнчүлүккө баш ийет экенсиң😊кечээги жааган жамгыр 🌧🌧🌨🌨🌨💨💨💦💦💦 көп зыянын тийгизди Баткен элине 🙄🙄 _________Тандырыбыз кулап түштү 🤨🤨🤨🤨 суу каптап кыскасы нан 🍞🍞жапканга болбой калды 😩😩😩😩 _______Айла жоктон кошунабыз Чынар эженин үйүнө эшиктен барып киргенге зеригип тешиктен кирип 😂😂😂😂😂 нанды жаап алдым 😝😝😝 Дүйнөдө кошунаң жакшы болсо , акыретте да кошунандан сенин ким экениңди сурайт экен 🥰🥰🥰 Нан болсо ыр болот , кошунамдын тандырынын сырын билбесемда, нан удачный жабылды 🤓 Жоолугум өтө жакшы кызмат кылып жатат @studio_ermatova туулган күнүмө белек кылып берген эле ☺️🤓 ...... !📍📍📍 Аааа анан баса ушул ырымды жашоого байланыштырып жаздырдым эле 🎼🎼🎼🎼🎼🎼🎼🎹🎹🎹🎹кудай буйруп бүгүн телеграмдан алып сүйүнүп жүргөн күнүм 🎈🎈🎈🎈🎈 "ЖАШОО" сөзү: Ташкент кызы Гүл Обону: Бахром Азимов🎈🎈 🎬🎬 Кечке мени видеого тартып жүргөн алтын кызым Айдай 👧 Орозоңуздар кабыл болсун, кимде кимди капа кылсам кечирим сураймын🙏🙏🙏🙏 #жашоокеремет#баткеним❤️❤️сени сүйөөөөм 🔥🔥