сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
9206   300
23.04.2020
Жети жаштамын анда. Эртең мн үрүл таңда туруп, мектепке даярданабыз. Чачымды өрүп беришет үйдөгүлөр. Форма - фартугумду кийип, дептерлеримди салыштырат. "Ата - энем мени мектепке эмнеге ээрчип алат өзүм килейген кыз болсом? !" деп үйдөгүлөргө эки күндөн кийин уруксаат бербей койдум. Таң сөгүлө элек кезде үйдөн чыгам. Дамбада жашайм. Мектебиме чейин жөө бассам жарым саат - кырк мүнөттө жетем. "Дружба" деген сумкамды асынып алып, тепейип жөнөйм. "Ж" тамгасы орусча окулаарын кайдан билейин?! Кыргызча окуй коюп, үйдөгүлөрдүн кыраан каткырыгына калгам. "ЖУК ЖУЖИТ"тин баарын кыпкыргызча эле окучумун. "Дагы окуп койчу? " деп суранышат. Эмнеге каткырып, жыргап атышканын түшүнбөйм же? Кайра окуп берем. Ошол үрүл таң, жалгыз баскан жолдор дагы эле эсимде. " Бирөө жыга чаап кетет!" , "Сүйрөп кетет" деген түшүнүк жок болчу. Ал тургай "Ит каап алса эмне болот?" деп тынчсызданган болгон эмес. Иттерде деле ыйман бар окшойт! ))) Ошол таңдардагы башкалардан өзгөчөлөнгөн эң жарык, чоң жылдыз эстен кетпейт. Чолпон жылдыз экөөбүз тиктешебиз кечке. Көзүмдү жумуп алып Жараткан мн сүйлөшөм. "Мен деле ушундай чоооң жылдыз болсом ээ?"дейм. Башкаларга окшошкум келчү эмес. Эстеп алып, менин кыялым, каалоом, максатым ошондо эле калыптаныптыр деп таң калдым. Азыр да асманды карасам, балачагымдагы сырдашым өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп биринчи чыгыптыр. Жарыктыгын, сулуулугун айт! Көр тирилик мн алпурушуп жүрүп, унутта калган экенсиң го?! Мен чоңойдум. Ал ошол бойдон. Чыгармачылыгымдын эми гана башатында тургандай сезим келет. Балачагымда кыялдангандай мен дагы чоооң жылдыз болуп, бир күнү бадырайып тураармын ээ мекенимдин тарыхында? ♥ #жөнэлеойлор __________________________________________ Сүрөтүмдү телефондон колго тарткан @aigerimrabota2020 чоң рахмат! Колуңа береке! Ушинтип жасатып алсаңар болот.