сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7764   0
21.04.2020
Түшүмө чындап кирдиңби досум, Түгөнөр кезди билдиңби досум. Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө, Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум. Кучактап жыттап албайт бир белем, Кууратар күндү ким билди досум. ⠀ Катылган сырлар бир эле досум, Казына ырлар миң эле досум. Өнөрдүн анык тулпары элең, Өзүңө жетчү ким эле досум. Өкүрүп турам өзүмө келбей, Өкүнтүп кеттиң чын эле досум. ⠀ Табылбайт кымбат сага кеп досум, Тагдырым экен санаа көп досум. Суйкайган кыздар, балдарың кантем, Сурашса атам кана деп досум. Өзгөлөр билбес кадырдын баркын, Өзүмдү кошо ала кет досум. ⠀ Жан дүйнө калды термелбей досум, Жашайбыз эми сен келбей досум. Эш тутуп залкар билчү эле калкың, Эшмамбетти көргөндөй досум. Токтобойт көз жаш кабырга сыздап, Токтогул кайра өлгөндөй досум. ⠀ Ойлоруң тунук накта эле досум, Обонуң муңдуу башка эле досум. Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн, Көрүнүп турган кашка эле досум. Кылымды көрөр алтындай башың, Кырк эки гана жашта эле досум. ⠀ Замандын айткан чындыгын досум, Санатың жашайт миң кылым досум. Жылт эткен өмүр биз да бүтөр, Жылмайып күтүп тургунуң досум. Коштогон арман кургурум досум, Кош эми Элмир булбулум досум...
Загрузка...
7747  
25.10.2019
Сен мени издеп тапканда колумду кое бербе, макулбу? Ысып кетсем,  көлөкөңдү бер. Үшүп кетсем, кучагыңда жылыт. Тентектик жайым бар. Асылып айлаңды кетирсем, кашыңды серпип, какпа. Ашыкча эркелеп жиберсем, "Эркетайым" деп саамайыман сыла. Сыртыңды салба, сырыңды төк. Түйдөктөй түпөйүл турса көңүлүңдө жайдары жайгарып алам. Ишен мага. Түндөсү далыңды салба. Үшүйм. Корком. Бооруңа башымды жөлөп уктайын. Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат. Эгизиңдей көр. Ээрчитип ал. Көлөкөңө көлөкөмдү катып басайын. Түнөш үчүн эмес түбөлүккө түтүш үчүн бол. Жашоонун оорун жалгыздайм дебе. Жаныңда жардамын берген мен болом. Мен сага күлгөндү, түпөйүлдү жазганды, жашоону сүйгөндү, жалгыздап эмес жандап басканды үйрөтөм. Жашообуздун соңунда 90 го чыгып, томолонуп калганда  ыраазы болуп бири бирибизге, сүйүү оролгон өмүрүбүзгө алкыш айтып, ээрчишип, эрмектешип, Жараткандын жанына кетебиз. Жалгыз кетем дебе. Жалгыз кетирбе. Көрдүңбү, кызыктуу жашообуз бар. Сен мени күттүрбөй кел, макулбу? _____________________________________________________ Сүрөт @nurtazimphoto тарабынан тартылды. Ыраазычылык билдирем.