сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
7411  
21.10.2019
Апам "Кыздын бактысын көп тилейбиз, бирок уулдукун эмнегедир бейкапар алабыз. Уулдун да бактысы болот. Жакшы жубай жолукса экен деп тилеп туруш керек",- деп көп айтат. Ар бир жазган постумда аялдардын, кыздардын таламын талашам. Анткени дүйнөлөрү мага тааныш. " Биздикин качан талашасың?" дейт айрым мырзалар. Мен тамашалап, - Аябай кордук көрүп атасыңарбы?- дейм. ) Талашайын дейм. Тилим кыска. Бирөөнүн кыйраткан жубайы болсом, дитим бармак, тилим өтмөк. Ошентсе да, бир турмуштун көргөн келин катары жана ага - инидердин арманын жууруп отуруп бул эрежелер чыкты: 1. Эркек намыскөй келет. Намысын чукуп, басынтпа. Анткен сайын эркек чүнчүйт. Адарга мактоо жарашат. Бир мык түз кагып койсо, мактап койсоң, дардактап, экинчи мыкты каккысы келип калат. 2. Эриң иштен келгенде, кабак - кашың бүркөлүп турса, качкысы келет. "Кайда жүрөсүң??" суроосунун ордуна тилиңди тишиңдин артына катып туруп, тамагын бер. Алардын курсагы тойгондо сүйлөгүсү келип калат. Анан баардык сурооңо, жооп тапсаң болот 3. Ал ачууланып, ашатып атканда унчукпай кутул. Отко май чачпа. Жини тараганда, маанайы беште бултукта - тултукта, эркеле! Любой жеринен чыгара бер. 4. Эркектин эң жек көргөнү анын телефонун чукулаганың. Телефону анын дүйнөсү. Жеке дүйнөсү! Өтө эле көзөмөлгө алып, телефонун башыңа кийе берсең, аны урматтабаганың, ишенбегениң. 5. Кызганыч! Сонун мамилеге жарака кетирет. Өзүнө ишенбеген, өзүн сыйлабаган, комплекси бар адам гана кызганат. Өзүнүн мыкты, алмаштыргыс экенин билген адамдын жан дүйнөсү тынч. 6. Эркектин кийими - аялдын тың же тың эмес экенин көргөзөт. Бырышып - тырышып турса, сөз түз эле сизге тийет. 7. Элдин көзүнчө эркегин каккан аял - акылы жок аял. Өзүнүн акылсыз экенин гана көргөзөт. Тоо урап атса да, көйгөйүңдү үйдөн сүйлөш. 8. Эркек доңуз сындуу сиздин оюңузду жонунан билбейт, же көзү ачыктык, алтынчы сезими мн туюу сындуу сезимдери жок. Так, даана, ачык айт эмне каалап атканыңды. Намегуң балтайып турса да түшүнбөйт. Ошон үчүн: "Гүл берип тур", "Комплимент айтып койсоң болот", "Бүгүн башка бутум мн туруп алыптырмын урушкум келип атат". "Мен урушам сен чыдап тур. Эркелегим келип атат" ж.б. деп эле балтайта айт! Алар түшүнөт деп отура берсең, кылым алмашат.
Загрузка...
7400   492
08.01.2020
Мен Есенбаева Гульмира Мукаевна  13.12.1981ж. Чуй областынын Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын тургуну болом. Кырсык каш кабактын башында...демекчи..ушул абалда калаарымды уктап турсам түшүмө кирген эмес эле...! Ооруу айттырып келбейт экен 🙏! Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, мындай: мен эки кыздын энесимин, жесир, жолдошум жол кырсыгынан каза болуп калган, кесибим боюнча колледждин мугалими болуп иштечи элем... Азыркы убакта Туркиянын🇹🇷 Стамбул шаарында "Анадолу" клиникасында оор реабилитация коруп жатам. Диагнозум жоон ичегимен рак оорусу. Ооруп жатканыма 10 айдан ашты. Кыргызстанда туура эмес диагноз коюшуп эки жолу операция жазашкан. Болду эч нерсе кылганга болбойт деп НЦОиГ ооруканасынан чыгарып коюшкан. Ага карабай ата-энем, биртуугандарымдын жардамы менен Туркиянын "Анадолу" деген клиникасына жардам издеп келгем. Ал жактан текшерилип, операция жасалып жаман эки шишик алынган. Мен болгон каражатымды үйүмдү, жеримди сатып жана туугандардын жардамы менен оор реабилитация болуудамын. Оорунун орчуп кеткенине байланыштуу азыркы убакта химиотерапия курсу башталып каражатым жок болгондугуна байланыштуу сиздерге кайрылууга мажбур болдум. Химиянын дары составы Кыргызстанда жок болгондугуна байланыштуу бул жактан дарыланууга аргасыз болуп жатам...🙏 Сиздерден тизе бүгуп, менин кайрылуума кайдыгер карабай мага материалдык жактан жардам берүүңүздөрдү суранам. Сиздердин колуңуздан келет деп ишенем, тамчы суудан көл болот...! Мага сиздердин жардамыңыз баалуу...🙏Аллахым сиздерге эселеп кайрып берсин, эки дүйнөдө бактылуу болуңуздарды тилек кылам.(Оомин) Получатель: Есенбаева Гульмира Мукаевна Расчетный счет: 1280146027833339 БИК: 128014 ЗАО "KICB" г.Кара-Балта Телефон: 0552061259 Асанбаева Зухрахан Нурбаевна(апам) Эльсом: 0552061259 KICB ЖАК Кара-Балта шаары эсеп счету: 1280146052527216 БИК 128014