7247 648
93959
15.04.2020
Новосибирск жана башка чет элдеги шаарларга мекенге кайта албай отурган жарандарыбызга маалымат.
1) Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго, бир жуманын ичинде маселени чечүү талабы кошулду. Муну өкмөт аткарууга милдеттүү. Никитенко жана Пирматов жетектеген комитеттердин сунушу колдоо тапты.
2) Кубатбек Боронов мырза менен да жеке сүйлөштүм, ал кишиге силердин абалды айтып бердим, маселени максималдуу эрте чечүү аракетин көрүү убадасын берди.
3) Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Николаевич Удовиченко мырза менен да азыр сүйлөшүп, ыйгарым укуктарынын жетишинче көмөк көрсөтүүнү сурандым.
Билет алып, убактылуу калып кеткен мекендештерибизди кайтаруу аракетин токтотпойбуз. Колубуздан келишинче иштейбиз.