сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6950   148
30.06.2020
ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЗҮҢДҮ - ӨЗҮҢ ӨНҮКТҮРҮП ТУРУШУҢ КЕРЕК? Мындай деп айтылган сөз бар: «Эгерде жумуртканы сырткы күч сындырса, анда жашоо бүтөт. Ички күч тарабынан сынса, жашоо башталат. Жакшы нерселер ар дайым ичтен башталат». Ушул жумурткалар сыяктуу эле, сиз да күн сайын ар кандай сырткы кыйынчылыктарга кабыласыз, же ички дүйнөңүздү өзгөртүп жана өнүктүрүп турсаңыз – жаңы жашоого баштайсыз. Күн Сайын Өзүңүздү Өнүктүрүп Туруунун Маанилүү 7 Жолу : 1. Сиздин ийгиликтериңиз үчүн эч ким жоопкерчиликтүү эмес Жашоодо каалаган нерселериңизди сизге эч ким орундатып бербейт. Мисалы, эгер сиз арыктагыңыз келсе, анда спорт менен машыгышыңыз, чуркашыңыз жана диета кармашыңыз керек болот. Ийгиликтериңиз үчүн бир гана жооптуу адам – бул СИЗ. 2. Жакшыруунун бирден-бир жолу – ар дайым өзүн-өзү өнүктурүп туруу Ийгиликке жеткен адамдар кокусунан эле ийгиликтүү боло калышпайт. Алар талыкпаган аракеттеринен жана башынан өткөргөн көптөгөн кыйынчылыктарынан улам ийгиликке жетишишет. Эгерде алдыга жылууну кааласаңыз, билимиңизди өркүндөтүп, квалификацияңызды жогорулатып, ЖАҢЫ жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнүүгө аракет кылышыңыз керек. Мисалы, англис тилин үйрөнүңүз. Өз алдынча проблеманы чече билүү (problem solving), эл алдында өз ой-пикириңизди эркин айта билүү (public speaking), эмоционалдык интеллектуалдуулук (emotional intelligence), жана сын-пикир менен ой жүгүртө билүү (critical thinking) сыяктуу азыркы учурдун популярдуу жөндөмдүүлүктөрүн үйрөнсөнүз оң болот. Уландысы комментарийде ⬇️
6949   429
13.04.2020 K\u0131rg\u0131zistan Bi\u015fkek
Бүгүн жана эртең Апакемди эскерем😢😢😢 Апоу😢Апакоу😢 Жаркылдагым😢 Жарыгым😢 Бүгүн сиздин😢 Алыс жака,Асманга, Ааламга кеткениңизге 8 жыл толду.😢😢😢 Сиз кеткен куну эмнегедир жашоом токтоп калгандай болгон. Бирок 😢😢😢😢😢😢 😢😢😢😢 Сен көз жумсаң унутаарым жыл чыдап дегендей 😢😢 Убакыт баарын ордуна коюп, даарылап,көкүрөктү суутат экен.Ал эми тируу адамдын жашоосу өз нугунда улана берет экен.Сиз менен болгон бактылуу жашоом өмүр бою көкүрөгүмдө жашайт😢 Жана бактылуу көз ирмемдер бир гана кубаныч тартуулап турат. Сизге мен алакан жайып Куран окуп, неберелиңизге сиз жөнүндө жакшы кептерди айтып берип жатып өзүм дагы жыргап эсалып калам🤗🤗🤗.Быйыл тилекке каршы айылга барып айылдаштарга,курбуларыңызга Куран окута албай калдым.😢😢😢😢😢 Буйурса аманчылык, тынчылык өмүр сүрүп турса ал күн дагы келээр.🙏🙏🙏🙏🙏🙏 Апакебай😢 Жаткан жериңиз жайлуу болсун.Топурагыңыз торколуу болсун.Жаратканым өз мээримине алсын 🙏🙏🤲🤲🤲
6945   226
06.03.2020
Бул кишинин көңүлүнө жагыш кыйын. Оңой мн жүрөгүн ачпайт. Бир адамды киргизсе, чыгармагы тозок. "Капризная" дейт мындайды. Бут кийимди да оңой мн табышым чатак. Чак келбей кууратат. Көңүлгө да чак келбей убарамын. Жеке жашоомдо "генеральная уборка" жүрүп жатат бир жумадан бери. Минимализм жүрөктө да болушун каалайт экенмин. Калп эле үмүт берип, баш ийкеп, санын көбөйтүп ээрчиткенди сүйө бербейм. Үйгө да кереги жок оокатты, орун ээлетип, тургузгум келбейт. Табит мн орду мн болуусу абзел. Шам - шаркыттык, ашыкчалар менин табитим эмес. Көп кишини "патырата" кара тизмеге киргиздим. Энем айтмакчы "Жөнү жок жүрөктөрүн ушалабайын." Кулак - мээ тынчып калды. "8 - марттан кийин деле уборкаңды кылсаң өлөсүңбү?" дейт ичтеги алдым - жуттумдун үнү. Уятым айтат,- Жеңилдеп калдым. Тынчтык кандай керемет?! #жөнэлеойлор Фотограф: @djanjyldyza
Загрузка...