6720
06.10.2019
Bishkek, Kyrgyzstan
БАТА АЛУУ – бул бирөөнүн сага алакан жайып, ак тилек айтышы эле эмес. БАТА АЛУУ – бул адамдын жүрөгүн жылытуу. Бир да жан күбө болбогон сооптуу ишиң деле жүрөктөргө сөзсүз кубаныч алып келет. Оң колуң кылган жакшылыкты сол колуң билбей калган менен Жараткан баарын көрүп турат. Ошон үчүн “Жакшылыкты жаса да деңизге ыргыт, балык билбесе Калык билет” дейт акылман кыргыз. Калык деген Жараткандын бир аты, бир сыпаты. Ошондуктан, мейли, адам сени билсин же билбесин, уксун же укпасын, таанысын же тааныбасын, сен кылган адал, берекелүү иш-аракеттин акыбетине кубанып, ичи элжиресе – сага берген батасы ошол.
_
"Бир гана Сенсиң" китебинен