сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6579   155
21.03.2020
Кечирим. Сонун нерсе. Текеберлигиңди сындырып, эгоңду басып, жүгүңдү үстүңдөн алган сезим. Кеңкейип башың бийикти карап, жер баспай калган учурда бутуңдан ылдай тартып, жер мн жер кылган сезим. Кечирим - көкүрөктү өйүп, көөдөндү жара тээп, сыйрылып турган жараңды айыктырып, карты жок бүтүшүнө себепкер сезим. Кечирим..кекчилдикти өчүрүп, кекиртектен өтпөй атканды өткөрүп, сиңирген сезим. Кечирим - карарып турган дүйнөңдү шамаалдай айдап, сур булутун кетирип, күндүн көзүн көргөзүп, жарык берип, нурун чачкан сезим. Кечирим. Катаңды моюндап, капасың мн беттешип, эркиндикке бет алган сезим. Кечирим кетиргиң келбей, көктүгүң кармап атканда кое бергенди үйрөткөн сезим. Кечирим - Жараткан берген улуу сезим. Көкүрөктө орун алаар замат көңдөй болуп катып турганды жибитип, көркөмүнө чыгарган сулуу сезим. Кечирим алсыздын белгиси эмес. Кечирим - чоңойгондун, улуулуктун, бийиктиктин белгиси. Кечир мени! Катам болсо, айып этсем, көңүлүңдү оорутсам, кечир мени! Жаңылбаган пенде жоктур. Мен да силерди кечирдим. Кое бердим. Ыраазымын. Оо Жараткан, кечиримдүү затсың сен! Пенделериңе ушул улуулугуңду, бийик касиетиңди үйрөт. Ооз учунан эмес, айкөл болуп, көңүл түпкүрүнөн кечиргенди билдир. Пенделериңди кечир! Кекчилдигибизди, текебердигибизди ал! Көңүлүбүздү, көкүрөгүбүздү тазала! #жөнэлеойлор
6577  
06.11.2019
КАРДЕШЛЕРГЕ ТААЗИМ же #КЫРГЫЗ ӨҢҮ Түркияга сапар алдым. Бурсадагы Улуу Даг (Uludag) университетине келдик. Университет деген эле аты болбосо жетимиш миңден ашуун студенти бар, шаардын окчун жайгашкан өзүнчө калаа экен. Биз Holiday Inn отелине жайгаштык. Университеттин башкы имаратынын кире беришиндеги жаркыраган фоеде кыргыздын эки жаркын жылдызынын – Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын фото көргөзмөсү уюштурулуптур. Айтылуу актер атабыздын келишимдүү келбети, баатыр кабак айбаты, ыманы ысык маңдайы чагылган сүрөттөрдү карап, аргасыз “Кыргыз өңү - Сүймөнкулдун өңүндөй” деген саптарын эстеп, ичимден сыймыктандым. А Таттыбүбү эжекебиз тууралуу сөз жок. Анчалык татынакай аялзаты ар дайым эле жарала бербес... Болгону 37 гана жыл өмүр сүрүптүр. Эсибизде аккуудай койкоюп, ак кайыңдай суйсайып жапжаш, супсулуу бойдон кала берди. Анын картайганда кандай болорун эч ким элестете да албайт. Көргөзмөнү Улудаг университетинин ректору, профессор Ахмет Саим Кылавуз экөөбүз ачтык. Соң эки залкарды эскерүү кечеси башталды. Кыргыз гимни жаңырганда маңдайдагы чоң экрандагы кыргыз туусунун сүрөтүнүн үстүнөн караоке сыяктуу түрк тамгалары менен ыр саптары жазылып чыгып турду, ошондуктан түрктөр да кошо ырдашты. Кожогелди акын эки талант жөнүндө мыкты маалымат даядаган экен, айтып берди. Кожекемдин алтымыштын астанасында туруп кечээ эле таптакыр билбеген түрк тилинде бүгүн түш жоруп калганына таң берип, ыраазы болдум. Жапжаш кезинде эле “убакыт өтүп кетти” деп, билимин байытууга, жаңыны өздөштүрүүгө карата көрөңгөсүн катырып, тоңдуруп, керекке жаратпай калгандар үчүн бул да өсүп-өнүгүү өмүр өткүчө токтобой турганын көрсөткөн өрнөктүү мисалдыр... Мага сөз берилгенде, каармандардын арбактарын сыйлап, атын атап, кутун сүйүнтүп, ошол аркылуу кыргыз элине карата сыйын, урматын жана сүйүүсүн туюнтканы үчүн түрк бир боорлорго чын дилден ракмат айттым. Сүймөнкул атабыз 54үндө, Таттыбүбү эжебиз 37синде жаш каза болгонун эстеп, “Түрктөрдө көз тийет деген түшүнүк барбы?” – десем ооба дешти. “Экөөнө тең көз тийген болуш керек. Көз деген төөнү казанга, адамды мазарга салат тура” – деп уладым сөзүмдү. О, Жаратканым, эли-жерибиздимыкты адамдарыбызды суук көздөрдөн асыра...
Загрузка...