сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6424   83
26.05.2020
Карантин көзүбүздү ачса экен!!! Тазалык ыймандын жарымы. Тазалык болмоюнча ыйман да толук болбойт эмеспи. Карантин же пандемия бизден тазалыкты талап кылып жатат. Карантинге чейин Кудай да тазалыкты ар дайым пендесинен талап кылып келет. Бирок биз адамдар Алланын кулу эмес, тескерисинче напсинин кулу болуп бараткан экенбиз. Раббисин унутуп роборт сыяктуу жашап жаткан адамдар эми ойлонуп калдык. Жөп-жөнөкөй кол жуунун өзүндөгү адепти унутуп калдык эле. Ар бир аракеттен кийин колду тазалоого кылдат мамиле жасайбыз. Ашказанга кирүүчү тамак албетте колдун жардамында болот эмеспи. Азыр баарыбыз тамактан мурда жана кийин колду тазалап жууга абдан көңүл бурабыз. Ал эми муну Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васаллам бизге 14 кылым мурда эскертти эле… «Убакытым жок», «ишим көп»-деп үйдө отурбаган, үй-бүлөгө көңүл бурбаган адам элек. Көзгө көрүнбөгөн вирус убакытыңды да, ишиңди да карап отурган жок. Эки айдан бери эч жакка кетпей үй-бүлө менен отургузуп койду. Ата-эне катары балдарыбыздын тарбиясы жана билими менен алектенип отурдук. Ата-эне менен маектешүүнүн махабатын байкадык. Күнүмдүк тамак-ашты үнөмдүү жана даамдуу даярдадык. Ысырапка жол бербедик. Акылдуу жандар карантинди үй-бүлөсүнүн бактылуулугуна пайдалана билишти. Тилекке каршы карантинде үй-бүлө менен иши жок, өз билгенин кылып, бир үйдө турса да телефондун же техниканын кулуна айланган маңкурттар да бар экен. Бала менен алектенбей, ПАБИЖИ (атышуу оюну) менен алектенген аталар акылга келсе экен… Интернетте ушак менен убакытын уурдаткандар көп экенбиз. Интернетти интеллект менен колдонбогон көпчүлүктүн арасында АКЫЛДУУ менен АКМАКТЫКТЫН айырмасы калбаптыр. ИНТЕРНЕТТИ ИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КОЛДОНСОК КАНА ... АТТИҢ... Адептүү макалалар же пикирлер талашып көрүлбөй, ушак-айым аябай популярдулукка жетип жаткан учур... Ушак менен улуулукка жеткендер, адепсиздик менен акча тапкандар пайда болду... (🤔менин сабактарымдын бирөөсүн болсо да бир журналист көрүп калып, коомдук эфирден же сайттардан бере албаганына таң калам кээде... Таанылуу үчүн эмес, жөн гана көбүрөөк адам окуп, пайдаланса дегеним🤔) Идрис акын
Загрузка...