сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
6370   64
07.06.2020
Эки айыл… Аркысынан беркисине көчүп келүү ар бир адамдын башында бар. Тигил айылда үй-бүлөң, жакындарың, кошуна-колоң, элиң-журтуң менен алакада аралаш жашайсың. А бул айылдагы үйүндө ар ким тек башы менен жалгыз. Эшиги кулпуланган соң бир пенде кирип, бир пенде чыкпайт. Эки айылдагы жашоонун бир маанилүү байланышы бар: беркисин оңоп алсаң, аркысы өзүнөн-өзү оңолот. Оңоо деген - күмбөз салып, эстелик тургузуп, гүлчамбар коюу эмес, жакшы, сооптуу иштерди жасап, акылды өстүрүп, рухту байытып, башкаларды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып, күнөөлөрдөн тыйылып, парз болгон ибадаттарды аткарып кабырга эң сонун амалдарды шерик кылып кирүү. Ичиңди оңосоң – сыртың, акыретиңди оңосоң – бул дүйнөң оңолот дегендин мааниси, балким, ушунда. Акыры келериң берки айыл экенин бир саамга да унута көрбө, тууганым. Бул сенин – ныксырабай иште, оку, ибадат кыл, тообо келтир, шүгүр айт деген мотивацияң! Бул сенин – чыныгы бакытка жетүүгө берилген экинчи кайталанбас шансыңдын эскерткичи! Бул сенин - жүрөгүңдүн тазарып жана жумшарып турушунун себеби! Кирдеген жана каткан жүрөк башкарган денеден жана өмүрдөн кантип жакшылык күтөсүң? Оо, Жараткан, ар бир ишибизден, сөзүбүздөн, аракетибизден, ниетибизден, кадамыбыздан жана амалыбыздан чексиз ыраазы болгойсуң. Убактыбызды укум кылбай, берекесин берип, туура пайдалануунун насип эт! Түз жолуңа сал жана андан эч качан адаштырба. Артыбыздагы акыркы эшик жабылгандагы жана ага чейинки абал-даражабызды бийик жана зыяпаттуу кыл! Эки айыл. Аркысы – убактылуу. Беркиси – түбөлүк. Түбөлүгүбүз түз болсун, ылайым... НК, 7-июнь, 2020-жыл #ЖУМГАЛ #ДООРОНДУН_АТАСЫН_УЗАТЫП
6368   158
29.03.2020
КАНТТИ ЭКЕН? Мындан көп кылым мурда жашап өткөн Асан кайгы деген атактуу акын, ойчул, даанышман бабабыздын атына бекер жерден “кайгы” деген сөз кошулуп айтылбаптыр. Анткени, ал азиз адамзаты мындай турсун кулан, коён, чымчык, бөкөн, кийик, каз-өрдөк, таш бака, ал тургай пайдасынан зыяны көп чаян, чымын, жылан, доңуз сыяктуу айбанаттардын да көргөн күнүн, туш болгон кыйынчылыгын ойлоп, жай алып жата албай кайгыга батчу тура. Жайдын күнү катуу мөндүр жаап, капилет ызгаар суук түшүп, суулар тоңуп, жерди муз каптаганда: Куйругу жок, жалы жок, Кулан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, Чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? Баш калкалар үйү жок, Пааналаган жери жок, Курт-кумурска кантти экен? Уясын кар баскан чыгар, Шору таштай каткан чыгар, Муздап карга жаткан чыгар, Чымчык байкуш кантти экен? – деп жан бүткөндүн баары үчүн кыжалатчылыкка түшүптүр, кайран киши. Биз бул башкача мээримдүү, камкор, жүрөгү назик бабабызчалык сойлогон, жорткон, учкандын баарын ойлобосок да, азыркы өзгөчө кырдаалда биз үчүн алтын башын, асыл жанын тобокелге салып, кажыр-кайрат менен тынбастан иштеп жаткандарды аяп, артынан жакшы дубаларды кылалык. Карантин себеп болуп бардыгыбыз үйлөрүбүздө, жакындарыбыздын маңдай-кашында бейкапар отурганыбызда, байкуш дарыгерлер, милициялар, өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери, аскерлер ж.б. калкты кара тумандай каптаган эпидемия коркунучун колкодон алып, күн-түн дебей эл аралап эмгек үстүндө. Коомдук транспорт токтогондуктан, алар жумушуна кантип барып-келип жатат болду экен? Кафе-ресторандар, ашканалар жабык. Анда, курсактары ачканда кайда шам-шум этишүүдө? Жаз жарымына жакындаса да суук сурданып кетпей турат. Үшүгөндө эмне кылып жылынып жатышат? *** Кир десе үйгө кирбеген, Кир дегенди тилдеген. Карантиндин тартибин, Кулак көзгө илбеген. Керек болсо көчөдө, Беткап, колкап кийбеген. Эрке элди жөнгө салам деп, Милиция байкуш кантти экен? Вирустан баары качканда, Бекинип үйдө жатканда. Белин бууп, жеңин түрүнүп, Бел болуп бейтаптарга. Вирус менен кармашкан, Коркунуч менен арбашкан. Атасы качкан жолобой, Оорулууну жандашкан. Дарттууларга кам көрүп, Дары, жайын камдашкан, Дарыгерлер кантти экен? ⬇⬇⬇
Загрузка...
6366   189
04.06.2020 Аксыйский район
Ассалому алейкум окурманым. Жайдын ысык аптабында салкын жайлар көздөн учкан чыгаар. Эл катары мен дагы санжыралуу, бир топ уламышка бай Бозбу тоосуна саякаттап келдим. Бул тоонун айланасында Аксы эли жашайт. Тоонун эң бийигинен Аксынын бардык айылдарын көрүүгө болот. Кудайым тоонун учуна чыгууну буйруптур . Дөбө маданиятын жараткан улуу элбиз да. Таштардан дөбө жасап, ташка атымды жазып, жаратылышка суктанып, бийиктен тээ алысты карап көпкө отурдум. Алаканга салгандай бийиктик дегениң керемет экен да. Жаңы эле мөңгүсүн ээриткен аскалардын өңү да башкача. Жылгалардан сайды көздөй аккан, сузсаң муздагы сөөккө жеткен, ичсең тишиңди какшаткан мөңгү сууларынан суусунум канганча жутуп, кайдадыр сапар алган таза тунук сууларымды көрүп " эл башы болгуча, суу башы бол "- деген накыл сөздүн маанисине дагы бир ирет муюдум. Кайсыл коктудан түшпөсүн суунун баары Нарынга куят. Нарын Сыр дарыяга анан барып Арал деңизине. Бүгүнкү жазганым ушул. Эмикиде Бозбу тоосунун тарыхы жөнүндө ой бөлүшөбүз буйруса.
6365   37
01.05.2020
30 күндө 30 сабак 8-күн УЛУУЛАРГА Мурдагылар балдарга башынан өткөн жакшы-жаманды, кыйынчылык сыноо заманды сүйлөп берген, биз угуп отурат элек. Азыр жаштарга суйлоп берген аксакал жок....баарына интернет... акты - ак, караны - кара - деп сүйлөгөн кишини "АКСАКАЛ"- деп айтат. Сакалына ак түшкөн кишиге "ЧАЛ" - деп айтылат. Аксакалдар азайып Азыр бизде чалдар көп Мына ошонун айынан Адеби жок балдар көп... Идрис ЖАШТАРГА Карантинде карыяларды, ата-энени, улууну сыйлап, телефондон да көбүрөөк аксакалдын акылын, турмуш тажрыйбасын алалы! Ата-энени нааразы кылып-намазыңдан, орозоңдон, зекетиңден, умраңдан, ажыңдан, садакаңдан сооп таба албайсың. Бакытты башка жактан издебей, ата-энеңдин батаасынан изде... БИР ТУУГАНДАРГА -Акеңди сыйласаң - жеңеңе жакшы мамиле кыл -эжеңди сыйласаң - жездеңди урматта -иниңди сыйласаң - келиниңди жамандаба -карындашыңды сыйласаң - күйө балаңды кадырла... мына ушуларды түшүнбөгөн бир туугандар эки жашты эки жакка бөлүп жатышат... ЭКИ ЖАШКА -Кайын энесинин купулуна толгон келин гана башка келиндерге караганда бактылуу жашайт. Өз энеси мактап турган келинди жаман көргөн күйөө баланын же көзү көр, же акылы анча иштебейт. -Аял менен айтышып жаткан эркек, өзүнүн эркектик касиетин жоготот... -Айтышпаганга үйрөн. Айтышкан эркек барибир аялынан акын болсо да жеңилет. 😊 Айтышып кетсең, кайра кучакташып жатканды үйрөнүү керек. -күйөөңдөн сөз укпайын десең, анын көзүнө, кулагына жана мурдуна этият бол. Көз, кулак жана мурдуна жакпаган нерселерден алыс бол. -күйөөм менин айтканымды кылсын десең, сен да анын ата-энесин жана туугандарын сыйла - жат кылба. Мына ошондо сени башында көтөрүп жашайт... Төмөнкү кишилердин намазы кабыл болбойт экен: -эрдин ачуусуна тийген аялдын -момун шеригине 3 күндөн ашык таарынган кишинин -тынымсыз арак ичкен кишинин -коому жактырбаган имамдын. Хадис НАМАЗ, ОРОЗО, САДАКАДАН ДА ДАРАЖАСЫ УЛУУ БОЛГОН АМАЛ БУЛ- АРАЗДАШКАН АДАМДАРДЫ ЭЛДЕШТИРҮҮ. Хадис ДОСТОР, ДОСТУККА КЫЗМАТ КЫЛАЛЫ. анткени ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ КЫЯНАТКА ЧЕЙИН, ЧЫНЫГЫ ДОСТУК КЫЯМАТКА ЧЕЙИН! Кыргыз-казак достугуна көз тийбесин! Балгынбек агабыз менен Кара-Шородон эстелик сүрөт. Атамдын батасын алып берген унутулгус күн 2019-жыл 17-июль 2020 Идрис акын