сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
6194  
10.02.2020
Атам - Темирбек, Чоң атам - Бакас Бабам - Айтбек Жете- Сүркө Жотом - Байтүгөл Зимин - Асан Кубарың - Толубай Наркың - Черикчи Задин - Кудайменде Зилин - Жаныбек Тегин - Элтинди Кубат - Бозтери Таяныч - Түнтей Медет - Каба Урук - Сарык Уруу - Саяк Оң канат - Муратай Өзөк - Сурантай Өбөк - Алымбек Жөлөк - Алдаш Асаба - Сапарбек Ураан - Кокумбек Улут - Жакыкбек Ууз - Тегизбек Уютку - Бекчоро Уюл - Чубак Түймө - Акбалта Туюк - Нойгут Ура! Таптым! Атамды тамтаңдап издеп таап барып, сурасам, "Билбейм!"дейт. Ага да жиберип койдум. Жети атасын билип жүрсүн. Текти билип, изиңди сурап, бабаңды, каяктан келдиң, кандай неменин уругусуң билип жүрүү кажет го. Эми Тоңго Кара талаага бара элекмин. Ал кандай жер, тууганым ким, аталарым кандай киши болгон сурасам, сонун болмок. Тууган - уруктарым деле "Карындашыбызсың!" деп чакырабы десем, унчугушпайт. Алар чакырбаса деле "Мен силердин тукумуңармын!" деп уят кылып барып алайын да эмне болоор экен? Алмаз Карыпбаевич Мотиев @almazmotiev , агам менин, рахмат! Ит мн издегендей издеп жүргөм бул маалыматтарды. Эч ким таап бере албай жатты эле. Саяктан кийинки аталарымда манасчы агам Дөөлөт Сыдыков @doolotsydykov таап берди. Ыраазымын!
6193   84
03.04.2020
АКЫЛМАН ТЕШИК ЧАКАГА КАНТИП СУУ ТОЛТУРДУ? (Жаңы чыгармадан үзүндү) Илгери бир акылман адам сабыр тууралуу көп айтып, элди ушул улуу сапатка чакыра берчү экен. Муну байкап жүргөн кыраакы падыша анын сөзүнө амалы шай келеби же жокпу деп текшергени алдына чакыртып, түбү тешик чака берип: “Ушуга толтуруп суу алып келесиң, болбосо зынданга салам!”, - деп шарт коёт. Акылман бир саамга ойлоно калып, падышанын айтканын аткарууга сөз берет, бирок, жүз күн убакыт сурайт. - Макул. Бирок, жүз күндөн бир күн кечиксең, өзүңдөн көр, - дейт падыша. Анан алда эмнени эстегендей өз бешенесин оң колу менен акырын чаап, - Баса, дагы бир шартым - чаканы сууга бир салган бойдон толтуруп сузуп алып келишиң керек, - деп кошумчалайт. - Жарайт, урматтуум, - дейт берки адеп сактай колун көкүрөгүнө алып бир аз ийилип. Анан ал эшигинин алдындагы чоң арыктагы суунунун жайыраак аккан жерин таап, ичин чуңкурураак кылып казып, ылдый тарабына үч казык кагып, ага такап таш менен чым аралаштыра сууну тосуп улуулатат. Падыша берген тешик чаканын боосуна эки бекем, оңойлук менен чирибес зымдарды улап, арыктын эки кырына казык сайып ошолорго чырмап байлап, баягы тоскон көлмөсүнө чөктүрөт. Эсептелгендей эле көлмө чакадан эки барабар терең болуп чыгат. Казыкка катуу байланган чаканы суу агыза албайт. Ошентип, күндөр өтө берет. Бара-бара суу тартылып азайып отуруп, сексен күн дегенде челекти араң көмгөнчөлүк тайыздайт. Ал мезгилде кеч күздүн боз кыроосу жерди тегиз каптап, үшүк түшүп, арыктын четтери тоңо баштаган болот. Токсон үчүнчү күн дегенде кыш күчүнө кирип, токсон түшүп суунун үстүн муз каптайт. Токсон жетинчи күнү суу толук тоңуп, балдар үстүндө жылгаяк тээп ойной башташат. Күн сайын табият кубулушуна назар салып турган акылман ошол күнү арыктан чаканы алганда ичи толо муз кошо чыгат. Ал түз эле падышанын сарайына багыт алат. Ошентип, сабырдуулугу менен өлкө өкүмдарынын тапшырмасын так өтөп, сынынан өтүп, көп сыйлык алып, жакын вазирине айланган экен акылман. Ошон үчүн кээ бир учурда агымга каршы жиребей, маселени тек гана убакытка калтырып коюу туурадыр. #САБЫР ТҮБҮ САРЫ АЛТЫН! БУЛ КҮНДӨР ДА ӨТӨТ, БУЮРСА 3-апрель, 2020-жыл