сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
6084   345
31.03.2020 Bishkek
Ассолому алейкум окурман бир тууганым.Аманчылыкта учурашканыма кубанычтамын!Үй бүлө менен бапырап жашаган да керемет да.Жаратканга шүгүр айтуу менен бүгүнкү таңды да көрүүгө насип этти.Адамзат-- планетабызды негативке ороп койдук көрүнөт.Балким чарчаттык...Эс алайын дедиби???Мүмкүн биз жаңы доорго, болгондо да "алтын доорго"аттанган чыгаарбыз?!Жаңы жашоого көчтүк сыяктанат.Балким "биосогуш" болуп жаткандай(андай болбой эле койсунчу).Негедир ушул оюма келди.Өнөр адамдары күкүк сымал үн алышып,издешип калдык ар бактан.Эркиндиктин баркын эми түшүндүк окшойт.Ооба, сагыныштык.Таңшый бергиле булбулдарым.Ушундай кырдаалда элибизге дем бололу.Албетте ынтымак бар жерде ырыс бар дейт!Чындыгында саламаттыкты сактоо кызматкерлерине,коопсуздукту караган күч структураларына,мекен сакчыларына ыраазычылык билдиремин!!!Биз бул сыноону жеңип чыгаарыбызга ишенемин.Сагындым баарыңыздарды.Көрүшөбүз сонун күндөрдө! Негизгизи Кудайым аманчылыгын берсин.Ала Тоодо түбөлүк тур,кылым карыткан--улуу КЫРГЫЗЫМ!!! Оомийин!!!Ушуну жазгым келди. 31.03.2020 жыл.Бишкек шаары.