5695
10.09.2019
#ТИЛ ТУУРАЛУУ
Тилиңизден жана колуңуздан башкаларга пайда жетсин, пайда жетпесе, кур дегенде зыян жетпесин. Өзгөчө тилди сактаңыз. Согуш учурунда миңдеген чакырымдан бутага так тийчү ракеталардын кнопкасын басууну эсепке албаганда, кол менен болгону маңдайда турган жанга гана залал келтиришиң ыктымал. Тил менен ай-талаанын, керек болсо океандын ары жагындагыларга, ал тургай жерде туруп асмандагыларга акаарат айтып, аброй-ызатын тепсеп, жаргылчактан өткөргөндөй бырчалап салыш эч кеп эмес. Жүрөккө сайыш үчүн колго канжар же кылыч кармоо керек, а тил андай шайман-куралы жок эле көз ирмемде миллиондордун, а балким, миллиарддардын жүрөгүн жаралайт, сезимин уулайт жана көңүлүн сыздатат. Муштан пайда болгон жаракат Жараткан жалгаса бир күн айыгат, а бирок тилден бүткөн жаракаттын оорусу, залакасы, тагы кетпестен кала берет жана эстеген сайын жүрөктү мыжыгып ызага сала берет. Зыяндан жана зыяндуу болуудан өтө сактаныңыз, анткени зыяндын аягы бактысыздык...