сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
5272   79
16.12.2019
Мен эмнени түшүндүм. Элдин көбү өз аркасын гана ойлоорун түшүндүм. Досум,- Өзүңдү куткармайын, өлкөнү кантип куткарасың? Курсагы ачка бийиктикти ойлоно албайт. Курсактын камын ойлойт,- деди. Аң сезимибиз жетиле элек, курсагыбыз тое элек шекили. Чамгарактаганга эрте көрүнөт. Кайсы өлкөнү мекен кылам дегени көп тегерегимде. 2020 - жыл - акыркы үмүт. Кол түшүрүп, келечектен күдөр үзүлүп, өз деген өздүгүң иштеп, сай сайлайбыз. Өзүбүздүкүн агалай албай, өңгөнүкүн сагалаганы кетет окшобойбузбу? Соодагерлерлик деле каныбызда жок эле. Илгери бабалар соода кылганды намыс көрчү экен. Бирок соолашууну ушундай жакшы үйрөнүптүр урпактар. Мекенин, жерин, жакынын түгүл көчүгүн, көчүгү бүтүп, жанын кошо соодалап, ыңгайы келсе сатып ийип жатышат. Менеджменттик, маркетологдук сапатыңарда жакшылыкка колдонсоңор деле ажеп эмес болчу. #жөнэлеойло
5266     117859
24.01.2020
Жаратканга шугур🙏🏿🙏🏿🙏🏿 . Самара Каримовага Россиянын Мамлекеттик думасынан сыйлык алды Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Россиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасына ээ болду. Сыйлыкты кечээ, 23-январда Мамдуманын депутаты Белеков Иван Итулович Самара Каримовага расмий түрдө тапшырды. Бир нече ай мурун Өзбекстан өлкөсүнүн борбору Ташкент шаарында дүңгүрөтө концерт берген ырчы Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында дагы чоң программадагы концерт тартуулаган. Концертте акыркы үлгүдөгү техникалардын жардамы менен көрүүчүлөргө шоу тартууланып, Самара италиялык ырчы айым Ин-Грид (Ингрид Альберини) менен дуэт ырдаган. Ал эми Ташкентте өткөн коцертте 7 тилде чыгармаларды аткарган ырчы айым алган сыйлыгы тууралуу буларды кабарлады: "Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мени менен депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Алардын чакыруусу менен кечээ Москвага бардык. Сыйлыкты Мамлекеттик думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн деп алкыш айтты. Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу- бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат болду. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Россиянын депутаттарына ыраазычылык". Озгочо биздин кулунубуз ,Госдума депутатынын жардамчысы Дуйшембиев Улан Жолдошбековичке чон рахмат !