сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5188   156   51721
03.04.2020
Ассаламу алейкум мекендештер🇰🇬 Инстаграм, фейсбку ж.б социалдык баракчадан жазып жаткандарга сураныч *0772552015 Айдай* номерин берип турсаңыздар. Социалдык кызматкер. Ушул кунгө чейин чалгандарды каттап бир тизме кылып жатат. 🙏🙏🙏 Достор, өлкөдө оор абал болуп турган учурда үйүндө азык-түлүгү жок отурган мекендештерге жардам берели. Каражатты төмөндөгү реквизиттер аркылуу которо аласыздар: 1⃣ «ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ» ККФ банк эсеби. КР, г. Бишкек, ул. Исакеева 18/3 Расчетный счет: 1091620099650110 БИК 109016 ИНН: 01410200810043 ОКПО 25925621 Юр.адрес: КР, г.Бишкек, мкр-н Тунгуч, ул.Исакеева 18/3 Код налоговой 003 ⠀ 2⃣ электрондук капчыктар: ЭЛСОМ — 0770 00 40 44 Баланс — 0770 00 40 44 М-банк — 0770 00 4044 О деньги — 0770 00 40 44 ⠀ 3⃣ акчалай же башка жардамыңарды (азык түлүк, даары-дармек ж.б) Нурсултан Майназаров, Азамат Исмаилов, Эркин Рыскулбеков же Кубат Кубанычбеков келип алып кетишет. ⠀ Чогулган каражаттардын ачык жана калыс муктаждарга жеткирилишине “ЭЛИМ БАРСЫҢБЫ” фонду жана уюштуруучу топ толук кепилдик берет. Жардам берели, биригели!
Загрузка...
5181  
28.10.2019
Чоң энемдин ырым - жырымдары же доктурлугу : Очоктун жанына отургузуп алып, баланын эмгегин көрөт эле. Жүрөгү түшкөн деген диагноз коет жарыктык . Балканы алып, очоктун этегине отуруп алып, балканын учун жерге тийгизип, күбүрөнүп, баланын жүрөгүнө бир тийгизип, "жүрөк көтөрүү " ырымын жасайт да, акырында сөөмөйүн оозуна салып үч жолу апаптайт. Ал ырымы ачкарын жасалышы керек. Ошону үчүн биз уктап атканда таң атпай келин - кесек, бала - бакыралары мн келишер эле. Анан чоңдордун башын теңдейт. Башым ооруп жатат дегендерди отургучка отургузуп алып, атамдын курун алат да башын салып өлчөп - өкчөп, чойгулап, "тең - тең" деп сүйлөнүп, теңдей баштайт. Кадимкидей ооруп аткан баш токтоп, жыргап калышаар эле. Ичим ооруп атат десең, чалкаңан жаткырып алып, койдун майын ысытып келип, күбүрөнүп, "Менин колум эмес, Умай эненин колу!"деп баштайт. Сааттын жебесиндей, оң тарапка ушалап, көпкө сүйлөнөт. Анан тыбыт жоолугу мн таңып койсо, таң аткыча "былк" этпей уктайбыз. Шалдырап, кусуп калсам, нанды жетиге бөлө коюп, колуна уучтап алып, "Сук, сук, менин жаман кызымда эмнең бар? Чык - чык" деп күбүрөнүп, башыман таманыма чейин суксуктап чыгат. Ал учурда аябай эстеп, көзүнөн жашы куюлуп, кекирип, кыйналып чыгат. Бүткөн соң, токочту итке ыргытып жиберет эле. Болбосо, ушул эле ырымды кагаз мн жасачу. Кагазды жетиге бөлүп алып ырымдап, бүткөндө өрттөп салчу. А кокус түндө чочуп, уктай албай жатсам, макисин алып жаздыгымдын алдына макинин учу мн чиймелеп, макини коюп койчу. Мемиреп уктачумун. Ар бир ырымын "Быссымылда ракман райым" деп баштачу. Ал тургай чачымды тарап, өрүп берип атканда да жакшы тилек мн тарап, өрүп бүткөндө "Беш күндө белге жет, жети күндө жерге жет " деп чоюп - чоюп коер эле. Таң атпай энем экөөбүз туруп алып, түш жоруйт элек. Ар бирибиз бирибизге бирибиз түшүбүздү айтып алып жоруйбуз. Жаман түш көрсөм, сууга агыз деп сууга айттырып, "Түшүң түлкүнүн богу" деп коет. Көзүкпөсүн деп бетимди суу мн жууп, өзүнүн этеги мн аарчыйт. Тишим ооруганда атамдын тамекисин алып, аны күгүзүп, бир - эки соруп алат. Күйгөн чылымын гезиттин кенедей кесиндисине салып, оройт дагы тишимдин тешигине салып койчу. Айтор, толтура болчу ырымдар. #жөнэлеойлор Сүрөт:@nurtazimphoto