сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5150   141
01.01.2020 Almaty, Kazakhstan
Отуп кеткен жылга ыраазычылык айтып узаттык)Эн соонун коз ирмемдерге бай жыл болду десек болот.!Кирип келген Жаны жылыбыз кутту болсун замандашым!Бул жылда эн негизи тилегим Мекенимде кокто туубуз желбиреп, тынчтык болуп,журтубуз аман болсун.!!!Кубанычыбыз арбын,кулкубуз ууртубуздан кетпесин!!Сиздердин чын дилден ар бир айтылган тилектериниздерди журогумдун тупкуруно катып, сактап койдум🙏🙏🙏Бул кундордун мен учун баасы кымбат!Анткени далай кырлар,туздор,ойдундарды,бороон чапкындардан отуудо,мени ар дайым колдоп келдиниздер!Жакшыга караганда жаманга ишенген заманда да,дениздин толкунундай толкуп колдоп турдунуздар!Мени чыйралтыныздар!!!Акты ак, караны кара дединиздер!Онорду кадырлаган калыстыкты суйгон,кадырман элимдин журогунон айланайын.🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏Агылып келип жаткан тилектериниздер дагы деле токтой элек,башымды ийип таазим этем!!!Жаны жылыныздар менен🎉🎊☃️🎄🙏#шугурчулук#
Загрузка...
5143   267
13.03.2020
Гей, лесбиянка, феминст, көзү ачыгы, сойкусу... ж.б. дейбиз. Чүйрүйөбүз. Бирөөнүн ал баласы, эжеси, иниси, карындашы, тууганы экени мн ишибиз жок. Басынтканды, жектегенди, жек көргөндү, ур - тепкиге алганды жактырабыз. Толеранттуулук түшүнүгү сиңе элек. Өзубүздүн комплексибиз бар. Жарабыз бар. Бирөөнү тепкилегенде эс алабыз. Тепки жеп чоңойгонбуз. Ичибиз каңгырап бош. Сүйүү алган эмеспиз. Чокубузга анан сүйүү беребизби? Жакыныңа жардамыбыз жок анан башкаларды кантели? Бирөөнүн тандоосун сыйлаганды үйрөнө элекпиз. "Меники туура" түшүнүгү гана жашайт. Абдыракаттуу, мээси иштеген бирөө туура деп койгон аны. Ээрчимелик, көз карандылык, "Эл эмне дейт" дегендик, "Эл кайда акса, ошол жакка агабыз да" дегендик, калыпка сыйгандык, андан чыга албагандык бар. Өз мээбиз мн ойлонуп, өз тандообузду жасаш өөн учурайт. Бир аз эле көз карашы, кийими, стили, ой жүгүртүүсү башкача болуп калсын ур - тепкиге алабыз. "Эмнеге сен бизге окшошпойсуң?"-дейбиз. Аны да калыпка, өзүбүздөй зынданга салгыбыз келет. Көралбастык сонун иштейт. "Менден кемисин, бирок ашпасын". Ал генде бар. Мындай карөзгөйлүк, түркөйлүк түшүнүк качан жоюлат? Адам билим алганда, өзүн өнүктүргөндө, өзүн сүйүп, комплексин жое баштаганда арылат. Анткени ичиң сүйүүгө толуп, жеке өзүң мн алек болуп атканда бүт дүйнө сулуу көрүнөт. Кой аксагы мн жүз. Ар бир адамды өзүнүн тандоосу, кемчилиги, артыкчылыгы мн сүйөсүң. Анын дини, тили, өңү, кийими, статусу мааниге ээ эмес болот. Анын дили, жүрөгү алдыга чыгат. Ал бийиктикке качан жетет болдук экенбиз? Укмуш өнүгүп кеттим дебейм, бирок кандай болбогула сиз мен үчүн Жаратканымдын пендесисиңер. Силерди жектеп, жоктоп, мактап, соттогудай мен киммин? Өз жашоом мн алек болуп, күзгүдөн алгач каранып алайын. Башымдагы төөнү көрүп, аны мн алек болоюн. Жашоо ансыз деле аз. Сидерди эмес өзүмдү тааныганга жетпейт. #жөнэлеойлор