сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
5106   246
04.04.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүн үй карантининде жатканыма 13 күн болду. Саат 12:00 чамасында үйгө эки врач эжекелер келип акыркы(повторный и надеюсь последний) анализ алышты. Анан бир суроо бергим келип сурадым."Башка өлкөлөрдөн келген жарандарыбызды эле текшерип жатасыздарбы?"-десем."Жок азыр эшике чыкпа десе темселеп эле эшике чыгышып, биздин шаштыбызды кетирип жатышат"-дейт. Анализдерди алып эми кетейин деп жатып,эжелердин бирөөсү ажаатаканага баргысы келгенин айтты,мен кирип алыңыз десем."Жок опасно!"- дейт,мен сразу эле "Мен оорубай элемин,мына 13 күн болду"- десем. "Жок бизден сага жугуп калышы мүмкүн,бул костюмдар менен канча үйгө кирип анализ алып жатабыз"-дейт. Мына ушул мезгилде өзүнөн мурда биздин ден-соолугубузду ойлогон, бетинда маска, очки болуп жүзү таанылбаса да ушундай мед кызматкерлерин "Биздин замандын баатырлары" мына ушулар деп койдум. Оорубаңыздар,сиздер бар биздин келечек бар. Муну менен мен эмнени айткым келди туугандар бир ай болсо да үйдөн себепсиз чыкпаганга аракет кылалычы 🙏🙏🙏🥺
Загрузка...
5104  
10.02.2020
Жамбаштап жатып алып сүйлөшөйүнчү..неме, көрсө, мен, эркектерди аябай аяйт экенмин. "Бир нерсе сатып берейимби?"десе эле башымды дароо чайкап, "Кереги жок" дей бермей адатым бар. Сатып берип койсо, тим эле банкрот болуп калчудай. Оюмда "Акчасы түгөнүп калат", "Убара болот", "Өзүм деле таап алам да! " деген нерсе бар. Бул психологияда эмне деп аталат билбейм. Балким, энелик инстинктим аяттырып аткандыр. Балким, алмайдын бермейи бар да деп бирөөгө карыз болгон жакпайттыр. Балким ичимдеги аялдык аз брлуп аткан чыгар. Балким, өзүмө өлө ишенеттирмин. Акчаны өзүм деле таба алам деген бекем ишенич тургандыр. Балким, жөн эле мээси иштечү жерге иштебеген жинди кыздырмын. Кыскасы, "Абересиң!" системасы менде бузук. Жолдошумду азыркыга чейин аяйм. Балама ашыгыраак акча сурап калсам, түгөнүп калчудай сеңим мн аяйм да баардык түйшүгүн өзүм көтөрө берем. Бирок, бир аял , - Эркекке эркелеп, аял канчалык "Абересиң!"деген сайын ага мотивация пайда болот. Ал дагы иштегиси келет. Көбүрөөк акча тапкысы келет. Шерденет!"деди эле. Мунун канчалык чындыгы бар билбейм. Мырзалар, силерге мындай суроо. Бир айым "Абересиң?"дегенде кандай сезим болот? А) Эркелеп атканын түшүнөсүз. Бул нерсе жагымдуу. Каалаганын "абересиң". Б) Кыйнаган нерсе. "Абересиңге" аллергияңыз бар. В) Сизге бул мотивация. Г) Кыздардын баарында "Абересиң" системасы бузук болсо, жакшы. Кыздар, бул сезим силерде деле барбы, же мен "кечирип коймунбу"?) #жөнэлеойлор
5103   159
18.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Жаман оору, жаман окуя, кырсык бизге такыр тиешеси жоктой, бизге келбей тургандай жашайт экенбиз. 🤔 Учурда көпчүлүгүбүз дүрбөлөңгө түшүп өмүрүбүз үчүн кыжаалатпыз...😣😯😑 Тиги (жок болгур) вирус жөнүндө кимдин оозунан чыкса, кайсы жерден окусак жалдырай карап калып жатабыз "Жакшы маалымат болсо экен... Жакшы жагына кетсе экен...🙏" деп... Мен эле эмес сиздерде деле ошондой болуп жатса керек? Кечээ түнү менен клиптин сьемкасында жүрүп, таң атканда келип уктагам. Сиңдим түштө ойготту: "Кыргызстанга да келиптир, мен барып продукты кылып келейин" деп. Делдиреп эле бүгүнкү пландарымды жыйнаштырып, үйдө калдым. Азыр эле кайра келишти, күйөө бала ( Бека, врач) экөө. Бека продукты алдыртпай коюптур: "Паника кылбагыла, продукты түгөнбөйт. Баары жакшы болот! Болгону өкмөттүн айткан тартибин жана медиктердин айткан эрежелерин туура сактап турсак жеңип өтүп кетебиз" дейт. Ошондой эле болсо экен деп бир аз тынчтанып калдым. Андыктан, достор, кудайдын бул жолку сыноосун ынтымакташып, тартиптерди сактап, жеңип чыгып кетели! Кудай өзү колдосун 🙏🙏🙏 Ар бириңиздерди сактасын! Буюрса, өткөн чак менен айтылып калып кетсин!!!🙏🙏🙏
5103   561
07.08.2020
Эки жумадай калды, сураныч- чыдап туруңуздарчы. Кайсы партияга, ким менен, эмне себептен барганы жарыяланып, ачыкка чыгат. Съезддерде кандидаттардын тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин, октябрда, добуш алып/албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар. Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар - өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин. #барболгула Две недели осталось, потерпите пожалуйста. Выйдут в свет ФИО, явки, пароли. Потом нумерация списков на съездах, и очередные внутрипартийные стрессы. Затем, в октябре, привычные всем концерты с набранными/не набранными голосами в округах, со скандалами и различными видео потенциальных депутатов про “мамой клянусь”. Фейсбук пестрит вопросниками про идти ли на выборы и заявлениями о 15 предложений от различных партий - мне сложно понять эти попытки повесить ответственность за свои решения на кого-либо. Да, я буду участвовать в осенней предвыборной гонке. Те, кто знают меня по депутатской деятельности, можете не сомневаться, - не изменюсь. #берегитесебя