сортировать по: дате публикации | лайкам | комментариям | просмотрам
Загрузка...
4978     88673
06.02.2020 Bishkek
Шеринеден чыгып тойго келдим. Эми элдин маанайы укмуш. "Бишкек- Чүйдө жок-жок" дегенге жетип жетпей эле баары бийге чыга башташты. Бул үчүн кубанып ырдап жаттым. Экинчи ырга келгенде орто толуп калган эле. "Келиңиздер, баарыбыз биргеликте Ламбада бийин бийлейли" деп ырдап баштадым. Коноктордун баары биримдик менен узуууууун, тегерек "паравозик" болуп бийлеп киришти. Менин да маанайым эл менен бирге жакынымдын тоюнда жүргөндөй жыргап ырдап да, бийлеп да жаттым... (Тилекке каршы ошол жерлери видеого тартылбай калыптыр. Ошол тойдогулардан окуп калсаңыздар, жөнөтүп койсоңуздар сонун болмок 😇) "Кандай керемет көрүнүш... Элибизди ушул жыргалчылык жашоосунан айырбасын... Асманыбыз ачык, жерибиз тынч --- ошол үчүн да элибиз ушинтип бийлеп жатат... Тынч заманды түбөлүк насип этсин элибизге... Калганын карапайым калк өздөрүн өздөрү эптеп, турмуш арабасын судуроп кете берет..." деген сыяктуу ойлор менен жуурулушуп ырдап жаттым... Негизи, мындай ойлор көп эле аралап турат. Кээде ойлоп коём "Өтө эле көп, терең ойлор менен өзүмдү каптап, жүдөтүп койбоймунбу?🤔" дейм... Бирок, дал ошол ойлор мага күч, энергия, маанай берип тураары өзүмө гана белгилүү... Түнүңүздөргө бейпилдик тилейм, жаркын замандаштарым...🌙🌙🌙 ___________________________________________ Көйнөк: @prokat_contento.kg
4977  
16.11.2019
"Максимальный репост" кылып коюнуздарчы. Бул алтын кыздын аты Аруужан. 3 жаш 6 ай. Буга чейин эч кандай ооруу менен ооруган эмес. Москвага жакында апасы менен барган. Аруужандын кулагы эмнеден укпай калганын врачтар айта алышкан жок. Эки кулагы тен укпай калган. "ОСТРАЯ ДВУСТОРОННЯЯ СЕНСОНЕВРАЛЬНАЯ ТУГОУХОСТЬ IV СТЕПЕНИ, ПОГРАНИЧНАЯ С ГЛУХОТОЙ СПРАВА, IV СТЕПЕНИ СЛЕВА" деген диагноз коюшту. Лечение алып көрүштү, жардам болбоду. Азыр "КОХЛЕАРНАЯ ИМПЛАНТАЦИЯ" деген операцияны мумкун болушунча эртерээк жасаткыла дешиптир. Ал операция Кыргызстанда жасалбайт экен. Москвада гражданство РФ болсо бекер жасашат экен. Апасы менен Аруужандын гражданствосу Кыргызстандыкы болгондуктан операциянын баасы 1 миллион 300 мин рубль турат экен. (Бул аппараттын озунун баасы, операцияга отдельно толонот). 1 ЭЛЕ КУЛАГЫНА 1.300.000 КЕРЕК БОЛУП ЖАТАТ. Сбербанк: 4276380061224924 Элсом: 0550505516 📲 89015132891 Ватсапп: +996775334455